Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши өлкөнү тышкы коркунучтардан коргоо маселелерине жооп бере турган “Коргоо кеңеши” деп аталган атайын орган түзүүнү чечти.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчылыгынын билдирүүсүнө таянуу менен Mehr агенттиги билдирди.
“Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш Конституциянын 176-беренесине ылайык өлкөнү Коргоо кеңешин түзүүнү жактырды”, — деп айтылат документте.
Белгиленгендей, бул органга төрагалыкты президент кылат жана анын курамына сот бийлигинин башчысы, Иран парламентинин спикери, Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражалуу кызматкерлери жана айрым министрлер кирет.
Ирандын коопсуздук кеңеши кошумчалагандай, Коргоо кеңешинин жоопкерчилик чөйрөсүнө өлкөнү коргоо боюнча пландарды иштеп чыгуу, ошондой эле Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу маселелер кирет.
Коргоо кеңешин түзүү тууралуу маалымат Израил 13-июнга караган түнү Иранды жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, ага каршы операция баштагандан бир жарым айдан кийин пайда болгон.
Анда Израиль Ислам республикасынын өзөктүк жана аскерий объектилерин, аскер адамдарын жана илимпоздорун бутага алып, Иранга каршы чабуулун баштаган. Иран айыптоолорду четке кагып, дароо жооп катары Израилге ракета менен сокку урган. Аскердик аракеттер 12 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө 22-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине: Фордоу, Натанз жана Исфаханга бомба таштаган. Иран ага жооп катары Ирактагы америкалык базага сокку урган.
Тараптардын жаңжалы 12 күнгө созулуп, акыры 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.


















