Иран өзүнүн аба мейкиндигин кайра ачып, өлкөдөгү аэропорттордун көпчүлүгүн кайра ишке киргизди.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Жарандык авиация уюмуна таянып, Mehr агенттиги маалымдады.
«Мехрабад аэропорту жана Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропорт, ошондой эле өлкөнүн түндүк, чыгыш, батыш жана түштүк аймактарындагы аэропорттор кайрадан иштей баштады жана бардык тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө даяр», — деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүгө ылайык, Иран Ислам Республикасындагы бардык ички жана эл аралык каттамдар кайра жанданды. Бирок Исфахан жана Тебриз аэропортторун эсепке албаганда, калган бардык аэропорттордо каттамдар жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00дөн 18:00гө чейин аткарылат.


















