Тегеранда Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен расмий коштошуу аземи башталды. Маркумдун сөөгү Тегерандагы имам Хомейни атындагы “Моссала” комплексине алып келинди.
Өлкө бийлиги бул зыйнат өлкө тарыхындагы эң масштабдуу мамлекеттик коштошуу иш-чараларынын бири болорун билдирүүдө.
Коштошуу аземдери бир нече күнгө созулуп, Ирандын Тегеран, Кум жана Мешхед шаарларында, ошондой эле Ирактын Нажаф жана Кербела шаарларында өткөрүлөт.
Акыркы зыйнат 9-июлда Али Хаменеинин туулуп-өскөн Мешхед шаарында өтүп, сөөгү ошол жерде жерге берилет.
Коштошуу зыйнатына өлкө боюнча миллиондогон адамдар катышары күтүлүүдө. Иран бийлиги коопсуздук чараларын да жогорку деңгээлге чыгарган.
Ирандын руханий лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн делегациялар келери айтылган. Алардын арасында мамлекет башчылары, өкмөт башчылары, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, өкмөттөрдүн атайын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар бар. Ошондой эле Тегеранга дүйнөнүн ар тарабынан саясий, маданий, илимий, диний жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чогулат.
Алардын арасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмоилов жетектеген делегация, Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана Тышкы иштер министринин орун басары, Азербайжандан Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жетектеген делегация, Пакистандан премьер-министр Шахбаз Шариф жетектеген Пакистандын жогорку даражалуу делегациясы, Ооганстандын делегациясы жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев ж.б. бар.
Мындан тышкары, иш-чараны чагылдыруу үчүн ондогон өлкөлөрдөн ЖМК өкүлдөрү барышкан.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон. Ал каза болгондон кийин Ирандын жогорку лидери кызматына анын уулу Можтаба Хаменеи шайланган.


















