Иранда 1-февралдан баштап 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгына арналган он күндүк майрамдар (“Дахе-е Фажр”) башталды. Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Ал келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда монархияга чекит коюлуп, Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.
Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан 11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленип, өлкө боюнча Ислам революциясын даңазалаган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.
Алардын арасында 42 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү, масштабдуу жана абройлуу кинофестиваль делип Эл аралык «Фаджр» фестивалы эсептелет.

Аталган кинофестиваль 1983-жылы Ирандын Маданият министрлиги тарабынан негизделген. “Фажр” эл аралык кинофестивалы түзүлгөндөн бери Иран кинематографиясынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келет.
Андан бери ал жыл сайын Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгынын алдында өткөрүлүп келет. 1995-жылдан баштап фестивалдын конкурстук программасына чет элдик тасмалар киргизилип, ошондон бери фестиваль эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келет. Анда Иран киносунан тышкары, эл аралык бөлүктө дүйнөлүк кинематографиянын тасмаларына баа берилет. Негизги максаты — жаңы тасмаларды колдоо жана дүйнө коомчулугуна таанытуу.
Кинофестивалдын негизги символу — Симург кушу (“Зымырык куш”). Башкы сыйлык “Хрусталь Симург” статуэткасы эл аралык жана улуттук категориялар боюнча калыстар тобунун тандоосу боюнча ыйгарылат. Мындан тышкары, диплом жана грамоталар тапшырылат.

Бул күндөрү 42-эл аралык “Фажр” кинофестивалы Тегеран шаарында дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөнүн кино тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деңгээлде өтүп жатат. Фестивалдын жүрүшүндө дүйнөнүн төрт бурчунан келген режиссерлордун тасмалары көрсөтүлүүдө.
Иш-чаранын эл аралык бөлүгү 6-11-февраль күндөрү өтөт. Аталган абройлуу фестивалга буга чейин кыргыз тасамалары да катышып, сыйлыкка татып келген.
Кинофестивалга быйыл кыргызстандык режиссер Таалайбек Кулмендиевдин “Үй сатылат” тасмасы катышарын Иран элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузару Тогани 23-январда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында Иран киносунун күндөрүнүн расмий ачылышында журналисттерге билдирген.

«Үй сатылат» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 2022-жылдын октябрынын башында Пусан шаарында болгон. Тасмада жаш жубайлардын чакан ишкерлиги, каржылык кыйынчылыктары баяндалат.
Былтыр 41-жолу өткөн “Фажр” кинофестивалында кыргызстандык режиссер Асель Жураеванын “Теңирберди” тасмасы “Эң мыкты сценарий” номинациясына татыган.



















