Таэквондо федерациясы менен Эл аралык федерациянын президенти ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин Иран Жакынкы Чыгыштагы ITF машыгуу борбору болуп белгиленди.
Таэквондо федерациясынын президенти Хади Сай, Эл аралык федерациянын президенти, гранд-мастер Дон Далтон, Эл аралык биримдиктин өкүлү жана Ирандын ITF ассоциациясынын катчысы Мохташеми менен жолугушууда спорттун бул түрүн өнүктүрүү талкууланып, жыйынтыгында Иран Жакынкы Чыгышта бул спорттун машыгуу борбору катары тандалган.
Анын негизинде келишимге кол коюлду, ага ылайык Иран Эл аралык ITF федерациясынын окуу борбору катары Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн калыстык, машыктыруучулук жана кур деңгээли боюнча бардык окуу курстарын өткөрөт.

















