Ирандын учак чыгаруучу өнөр жай компаниясы жасаган “Симург” (Зымырык куш) транспорттук учагынын учуу сыноолорун өткөрүп жатат. Бул тууралуу Ирандын коргоо жана куралдуу күчтөрүн колдоо министри Амир Мохаммад Реза Аштиани билдирди.
«Бул учактын учуу сыноолору Ирандын Жарандык авиация уюмунун жардамы менен жүргүзүлүүдө, бул этаптан кийин “Симорг” учагы өлкөнүн учак паркына кошулат”, – деп билдирет Аштиани.
Коргоо министрлигинин башчысы учурда бул үлгүдөгү экинчи учак да жасалып жатканын тактады.
Анын айтымында, “Симург” учактарын чыгаруу милдети Коргоо министрлигине маркум президент Ибрахим Раиси тарабынан жүктөлгөн. Аштиани учактын айрым тетиктери Ирандын ичинде өндүрүлүп, экинчи бөлүгүн Тегеран бир катар чет өлкөлөр менен кызматташып жатканын кошумчалады.

Саатына 530 чакырымга чейин ылдамдыкта уча алган турбовинттүү кыймылдаткычы бар “Симорг” тактикалык транспорттук учагы 6 тоннага чейинки салмактагы жүктөрдү ташууга ылайыкталган.
“Симорг” биринчи учуусун 2023-жылдын май айында ийгиликтүү жасаган. Өлкө бийлиги бул учактарды жасоо өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталганын билдирген.


















