Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израил менен болгон жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Араб мамлекеттеринин Лигасынын дипломаттары менен жолугушуу максатында Стамбул шаарына келди.
Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги кабарлады.
40ка чукул дипломат бүгүн өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) жыйынына катышары белгилүү болду.
Аракчи Стамбулга Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келген.
Бул сапар ага чейин Женевада Улуу Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушуусунан кийин орун алды.
«Бул жолугушууда Ирандын сунушу менен сионисттик режимдин (Израилдин) биздин өлкөгө кол салуу маселеси өзүнчө каралат», — деп билдирди Аракчи, Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык.


















