Ирандын коопсуздук күчтөрү Израилдин атайын кызмат органы болгон “Моссаддын” эки террорчусун түндүк-чыгыштагы Түндүк Хорасан провинциясында кармашты.
Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Түндүк Хорасан провинциясынын мамлекеттик жана революциялык прокурору Джавад Илали билдирди. Ал провинциядагы сот системасы шпиондук менен алектенген кылмышкерлерге каршы катаал чара көрүүгө толук даяр экенин баса белгиледи.
Илалинин айтымында, акыркы 12 күндө Израиль менен АКШнын Иранга каршы агрессиясынын жүрүшүндө провинцияда 15 адам жалган маалымат таратуу жана Иранга каршы пропаганда жүргүзүү айыбы менен жоопкерчиликке тартылган.
Өткөн айдын аягында Иранда “Моссад” менен кызматташып, бомба жана жарылуучу заттарды өлкөгө жашыруун алып кирүү аркылуу белгилүү ирандык саясатчыларды жок кылууну көздөгөн деп табылган үч эркек киши өлүм жазасына тартылган болчу.
Акыркы бир нече жумада Иранда “Моссад” менен байланышкан жүздөгөн адам кармалганы кабарланган.
Коопсуздук кызматкерлери ошондой эле “Моссаддын” агенттери башкарган көптөгөн жер астындагы дрон базаларын жок кылышкан.
Кармалгандар сокку уруучу дрондорду колдонуу, бомба жасоо, аскердик объектилерге тыңчылык кылуу жана Израилдин бийлигине жашыруун маалымат берүү иштери боюнча шектелүүдө.


















