Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкян Катарда жолугушту.
Жолугушуу 15-сентябрда Доха шаарында Араб мамлекеттеринин жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезексиз жыйынынын алкагында болду.
Тажик лидеринин маалымат кызматы кабарлагандай, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелери, эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер талкууланды.
Рахмон эки өлкөнүн кызматташтыгындагы акыркы жылдардагы оң жылыштардын тенденциясына канааттангандыгын билдирип, туруктуу байланыштарды жана жолугушууларды мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү түрткү берүүчү фактору деп атады.
Тараптар Жакынкы Чыгыштагы жана ислам дүйнөсүндөгү азыркы татаал жана туруксуз кырдаалды талкуулап, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн биргелешкен натыйжалуу чараларды көрүү зарыл деп эсептешти.
Маектештер палестина-израилдик жаңжалды “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибинин негизинде жөнгө салууну караган Бириккен Улуттардын Уюмунун башкы ассамблеясынын резолюциянын кабыл алгандыгына канааттануу билдиришти.
Ошондой эле Тажикстан аймактагы жана дүйнөдөгү бардык кризистер менен жаңжалдарды – биринчи кезекте сүйлөшүүлөр жана диалог аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.
Эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча да мазмундуу пикир алмашуу болду.
Иран президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Масуд Пезешкиан Америка жана Европа өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган израилдик режим кылмыштарында чекти билбе тургандыгын жана Ислам өлкөлөрүнүн биримдиги гана бул жапайы режимдин өлтүрүүчү машинасын жана кылмыштарын токтото аларын белгиледи.
15-сентябрда Дохада араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезексиз саммити өттү. Мамлекет башчылары Израилдин Катарга жасаган соккусуна жооп кайтаруу үчүн бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу максатында жолугушту.
Иш-чарага Иран менен Түркиянын президенттери Масуд Пезешкиян жана Режеп Тайип Эрдоган, Сауд Аравиясынын мураскер ханзадасы Мухаммед бен Салман, Палестина администрациясынын башчысы Махмуд Аббас жана Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа катышты.


















