Эр-Риядга 28-Дүйнөлүк инвестиция саммитине катышуу үчүн келген Ирандын экономика министри Абдолнасер Хеммати ОПЕК фондунун башчысы Абдулхамид Аль Халифа менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу бир катар кун тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ирандын экономика министри бул фонддо Ирандын ролунун кеңейишине басым жасады. “Иран компанияларын ОПЕК фонду менен мындан ары тааныштыруу үчүн семинар өткөрүү зарыл жана ирандык подрядчылардын фонддун долбоорлоруна катышуусу абдан натыйжалуу болот”, – деди Хеммати.
Хеммати ошондой эле ОПЕК фондунун жетекчисинин жана анын эксперттеринин Иранга келишин кубаттайбыз деп билдирди.
Экономика министри ошондой эле Ирандын ОПЕК фондунун алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышын баса белгиледи.
Абдулхамид Аль Халифа өз кезегинде Иран ОПЕК фондунун эң баалуу мүчө-өлкөлөрүнүн арасында экенин, Ирандын бул фонддо болушу бул өлкөнүн беделин арттырганын айтты.


















