Тегеран Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистандын ортосунда түзүлгөн “Мекке келишиминин” биргелешкен коргонуу блогуна кошулууга расмий чакыруу алды. Бул тууралуу Иран парламентинин маалымат агенттигинин жетекчиси Мехди Рахими Al Mayadeen телеканалына билдирген.
Анын айтымында, Иран жетекчилиги учурда бул сунушту карап жатат.
Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан келишимге 7-августта кол коюшкан. Документ үч өлкөнүн жамааттык коргонуу жана аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөйт. Ага ылайык, катышуучу мамлекеттердин бирине жасалган куралдуу кол салуу үч мамлекеттин баарына жасалган кол салуу катары каралат.
Мындан тышкары, келишим коргонуу тармагындагы аскердик кызматташтыкты кеңейтүүгө, координацияны күчөтүүгө жана коргонуу өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Келишимге кол коюлгандан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул документ эч бир өлкөгө каршы багытталбаганын билдирген. Ошондой эле ал келишим тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө кызыкдар болгон аймактагы башка мамлекеттердин кошулуусу үчүн да ачык экенин белгилеген.
Пакистандын Москвадагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи да “Мекке келишимине” каалаган өлкөлөр, анын ичинде Иран да кошула аларын буга чейин билдирген.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи “Мекке келишими” мамлекеттер коопсуздук маселелеринде өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө таянууну чечкенин ачык көрсөтүп турганын билдирген.


















