Иран Каспий деңизинде өзүнүн биринчи деңиз метеорологиялык станциясын ишке киргизди. Анын негизги максаты – маалыматтарды чогултуу жана метеорологиялык кызматтардын сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Биринчи деңиз метеорологиялык станциясы Каспий деңизиндеги «Амир-Кабир» мунай бургулоо аянтчасына орнотулган. Жакынкы Чыгыштагы эң ири бургулоо платформасы болуп эсептелген бул объект Амиробод жээгинен 13,5 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бул станциянын ишке кириши баалуу метеорологиялык жана деңиздик маалыматтарды өлчөөгө жана каттоого мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү деңиз метеорологиялык кызматтарынын сапатын жакшыртат.
Станция ар түрдүү метеорологиялык параметрлерди – абанын температурасы менен нымдуулугун, радиацияны, жаан-чачынды, горизонталдык көрүнүштүн алыстыгын, шамалдын багыты менен ылдамдыгын – байкап жана каттап турат.
Мындан тышкары, ал деңиз чөйрөсүнүн көрсөткүчтөрүн да: суу бетинин температурасы, суунун туздуулугу жана деңгээлин өлчөйт.


















