Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрү 27-сентябрда “Нур-3” аттуу үчүнчү спутнигин Жердин орбитасына ийгиликтүү чыгарды.
Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.
«Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрүнүн адистеринин аракети менен бир нече мүнөт мурун “Нур-3” спутниги ирандык «Qased» ракетасы алып жүрүүчүсү менен Жерден 450 километр алыстыкта орбитага ийгиликтүү чыгарылды. Бүткүл элибизди, өлкөнүн космос тармагынын бардык кызматкерлерин жана сакчылар корпусунун космостук ведомствосунун кызматкерлерин бул ийгиликтери менен куттуктайм», – деп жазды Ирандын Маалымат жана коммуникация технологиялар министри Иса Зарепур соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, 2020-жылы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрү биринчи спутник “Нур-1ди” 425 километрдик орбитага чыгарган. Андан соң эки жылдан кийин 2022-жылдын март айында экинчи спутниги “Нур-2ни” 500 километрдик орбитага ийгиликтүү учурган.
Үч спутник тең Ирандын Аэрокосмостук күчтөрүнүн адистери тарабынан иштелип, чыгарылган «Qased» ракетасын колдонуу менен учурулган.