Ирандын Космостук агенттигинин башчысы Хасан Салариех 2025-жылдын 21-мартынан бери азыркыга чейин өлкө ичинде жана чет өлкөдө жүргүзүлгөн космостук учуруулардын так санын жарыялады.
Салариех Иран бир жыл аралыгында көптөгөн ички жана эл аралык учурууларды ишке ашырганын, иран календары боюнча аяктап жаткан жыл жалпысынан ийгиликтүү жыл болгонун белгиледи.
“Биз россиялык “Союз” ракета алып жүрүүчү кемеси менен космоско эки чет элдик учуруу жасадык: бири «Nahid-2» спутнигин учуруу, экинчиси — «Zafar-2», «Paya» жана «Kosar» спутниктерин биргелешип үчөөнү тең ийгиликтүү учуруу болду”, – деди ал.
Космос агенттигинин башчысы мындан тышкары өздүк өндүрүштөгү ракета алып жүрүүчү системалардын жардамы менен бир нече суборбиталдык учуруулар да жүргүзүлгөнүн айтты. Алардын катарына «Qased», «Zuljanah» жана «Simorgh» кирет. Бул учуруулар спутник ташуучу ракеталардын технологиясын өнүктүрүү жана алардын айрым системаларын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн.
12-февралда телекоммуникациялык «Джам-е джам-1» спутниги Байконур космодромунан россиялык “Протон-М” ракета алып жүрүүчүсү менен учурулган. Орбитага чыгарылган бул спутник Ирандын геостационардык орбитадагы биринчи коомдук берүү спутниги деп эсептелет.
“Джам-е джам-1” Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн инфраструктурасында маанилүү ролду ойнойт.
Салариех алдыдагы пландарга да токтолуп, жыл аягына чейин (иран календары боюнча 21-мартка чейин) дагы учурууларды ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, бул спутниктер менен аларды алып учуучу ракеталардын даярдык деңгээлине жараша болот.
Ал кошумчалагандай, адатта спутник менен ракетанын шайкештик сыноолору толук аяктап, акыркы процесс бүткөнгө чейин так учуруу датасы жарыяланбайт. Бул этаптар ийгиликтүү аяктаганда, учуруунун так күнү белгилүү болуп, коомчулукка маалымдалат. Жалпысынан алганда, жыл соңуна чейин дагы бир учуруу жасоо пландалууда.


















