Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани өлтүрүлгөнүн анын кеңсеси Telegram-каналында билдирди. Tasnim маалымат агенттиги ошол эле кол салууда Ларижанинин уулу жана анын коопсуздук кызматынын башчысы да каза болушканын маалымдады.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ларижанинин өлүмү үчүн катуу өч алууну убада кылып, анын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Лариджанинин өлүмү үчүн өч алынарын жарыялады.
“Ислам революциясынын сакчылар корпусу улуу шейит жана ыйык коргонуунун башка шейиттери үчүн өч алууну эч качан унутпайт”, – деп сакчылар корпусунун билдирүүсүндө айтылганын Tasnim маалымат агенттиги маалымдады.
Али Ларижанинин сөөгү бүгүн, 18-мартта жерге берилет.
Ларижани Тегеранга жасалган сокку учурунда өлтүрүлгөнүн бир күн мурун Израилдин коргоо министри Исраэль Кац билдирген. Маалымат каражаттары Ларижани АКШ менен Израилдин согуштук учактарынын соккусунан улам каза болгонун жазышкан.
Press TV телеканалы Иран Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысынын өлүмү үчүн өч алуу максатында Израилге ракеталык соккулардын дагы бир толкунун жарыялаганын билдирди.
“Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ларижани үчүн өч алуу максатында Израилге ракеталык соккулардын 61-толкунун жарыялады”, – деп айтылат билдирүүдө.

















