Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирак чек арада такфирчилердин  коркунучуна каршы чараларды көрүүдө

  • Батыш Азия
  • 26.12.2025 11:34

Loading

Акыркы мезгилдеги аймактык коопсуздук жана аскердик өзгөрүүлөрдүн фонунда Ирактын чек аралары чыңалуу жана кагылышуулар коркунучу алдында турат. Сирия менен чектеш аймактарда такфирчи топтордун, ал эми Иран менен чектеш чек арада бөлүнүп-жарылуучу (сепаратисттик) топтордун активдешүүсү Багдад өкмөтү үчүн олуттуу маселеге айланды.

Тасним агенттигинин арабча сайты билдиргендей, Ирактын батыш жана чыгыш чек аралары акыркы коопсуздук жана аскердик окуялардын шартында чыңалууга дуушар болуп, Сирия чек арасындагы такфирчилердин жана Иран чек арасындагы сепаратисттик топтордун иш-аракеттери Багдад үчүн чоң чакырык жаратууда.

Акыркы убакта Ирак өкмөтү Сирия жана Иран менен болгон чек ара тилкелеринде коопсуздук жана аскердик пландарды кыйла күчөттү. Бул чаралардын максаты – чек ара коопсуздугун камсыз кылуу экени айтылып, ирактык расмий бийлик азыркы учурда бул чек аралар толук коопсуздукта экенин белгилешүүдө.

Тема боюнча

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026

Ушул тууралуу Ирактын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы, полковник Аббас аль-Бахадли Багдадда  мындай деди: «Өлкөнүн чек араларында толук коопсуздук камсыздалган. Биз чек араларды бекемдөө иштерин көптөн бери жүргүзүп келатабыз».

Анын айтымында, тереңдиги жана бийиктиги 3 метр болгон аң казылып, 3 метр бийиктикте топурактан чеп түзүлгөн. Мындан тышкары, чек аранын боюна бетон тосмолор коюлуп, күзөт мунаралары, тикенек зымдар жана башка тоскоолдуктар бүт чек ара тилкеси боюнча орнотулган.

Ирактын Ички иштер министрлигинин өкүлү 975 жылуулук камерасы орнотулганын айтып, чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн 10дон ашык учак колдонулуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле чек аралар боюнча үч коргонуу сызыгы түзүлгөнүн, алар чек ара кызматынын күчтөрүнөн, армиядан жана «Хашд аш-Шааби» (Элдик мобилизация күчтөрү) бөлүктөрүнөн турарын билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ирак менен Сириянын ортосундагы коопсуздук дубалы жөн гана дубал эмес, ал толук жана интеграцияланган коопсуздук тутуму болуп саналат. Анын максаты — коопсуздук бузууларын азайтуу жана мурунку да, азыркы да Ирак өкмөттөрү маанилүү деп эсептеген эң сезимтал чек аралардын бирин көзөмөлдөө.

Сирия менен чек арадан тышкары, Иран менен болгон чек ара да чоң мааниге ээ. Бул чек аранын көзөмөлү Ирактын Күрдистан автономиялык аймагынын өкмөтүнө жүктөлгөн. Багдаддагы бийлик өкүлдөрү бир катар расмий эмес өткөрмө пункттар дагы эле федералдык өкмөттүн көзөмөлүнөн тышкары экенин белгилешет.

Ирак–Иран чек арасы кооптуу аймак катары бааланат, анткени Иран Ислам Республикасына каршы айрым топтор бул чек араны кыянаттык менен пайдаланып, аймактан Иранга каршы террордук аракеттерди жүргүзүп келишет. Бул болсо Иран менен Ирактын ортосундагы макулдашуулардын бузулушу болуп саналат.

Коопсуздук боюнча эксперт Аднан аль-Канани бул маселе боюнча  мындай деди:
«Өлкөбүздүн түндүгүндө Иран Ислам Республикасына каршы күчтөрдүн кыймыл-аракеттери байкалууда жана бул аракеттер Иран менен Ирактын ортосундагы макулдашууларга терс таасирин тийгизүүдө».

Анын айтуусунда, учурда Ирактын борбордук өкмөтү бул аракеттерди токтотууга толук кудуреттүү эмес, анткени өлкөнүн түндүгү азыр федералдык өкмөттүн эмес, Күрдистан автономиялык аймагынын көзөмөлүндө турат.

Алканани ошондой эле АКШнын күрд аймактарына кийлигишүүсүнө байланыштуу кысымдар жана кутумдар тууралуу айтып, мындай деди: «Бул басымдар күрд бир туугандарды алдап, борбору Эрбил болгон, Сирия, Иран, Түркия жана Ирактын күрддөрүн камтыган өзүнчө күрд мамлекетин түзүү убадасы менен жүргүзүлүп жаткан программадай көрүнөт».

Дагы бир коопсуздук боюнча эксперт Али аль-Хафажи бөлүнүп-жарылуучу топторго каршы күрөшүүдө Багдаддын федералдык өкмөтүнүн саясий эрки маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Күрдистан аймагынын чек араларын көзөмөлдөө ар дайым эле оңой болгон эмес, бирок биргелешкен координация жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу чек ара коопсуздугун камсыздоого болот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ИракиранИран-Ирак чек арасыСирияЧек ара
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

16.11.2026
Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026
Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

16.11.2026
Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

16.11.2026
Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

13.11.2026
Иран ракеталарынын учуу алыстыгын көбөйтүшү мүмкүн 

Иран ракеталарынын учуу алыстыгын көбөйтүшү мүмкүн 

13.11.2026
Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

13.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.