Индонезиянын бийлиги борбор калаасын Жакартадан Нусантарага көчүрүү процессин 2028-жылга чейин аяктоону пландап жатат.
Jakarta Globe маалымдагандай, бул тууралуу республиканын президенттик администрациясынын башчысы Мухаммад Кодари билдирди.
«Эгерде болгону президенттик сарай гана болуп, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги болбосо, өкмөт кантип эффективдүү иштей алат? Үч бийлик бутагы тең Нусантарада болушу керек», – деди Кодари.
Ал мамлекеттик бардык мекемелерге керектүү имараттардын курулушу Индонезия президенти Прабово Субианто берген тапшырмага ылайык 2028-жылга чейин бүтөрүн белгиледи.
«Бул [жаңы] борборду чыныгы мамлекеттик бийлик борборунун стандарттарына ылайык кылат», – деп кошумчалады индонезиялык лидердин администрация башчысы.
2014–2024-жылдары Индонезия президенти болгон Джоко Видодо 2019-жылы борборду Жакартадан көчүрүү идеясын сунуштаган. Башында мегаполисти Калимантан аралына 2024-жылга чейин куруу пландалган. Бул максатка дээрлик 32 миллиард доллар бөлүнгөн, бирок коронавирус пандемиясынан улам долбоордун ишке ашырылышы убактылуу токтоп калган.
2022-жылдын январь айынын ортосунда мамлекет башчысы жаңы борбордун аталышы Нусантара болорун (которгондо «архипелаг» дегенди билдирет) жарыялаган. 2024-жылдын 28-июлунда Джоко Видодо ал жакка барып, алгачкы иш күндөрүн өткөргөн, бирок 30-июлда кайра Жакартага кайтып келген. Учурда өкмөт ошол жерде жайгашкан. Прабово Субианто президент болуп шайлангандан кийин Нусантараны курууну аяктап, ал жакка көчүп барууга даяр экенин айткан.



















