Индонезиянын чыгышында Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу удаасы менен сегиз жолу атылып чыккандан кийин Индонезия бийлиги Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосунун коркунучун максималдуу деңгээлге көтөрүүнү чечти.
Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн вулканологиялык агенттигине таянуу менен билдирди.
Белгиленгендей, 19-май күнү эртең менен жанар тоо атылып, күл жана түтүн мамычасы тоонун чокусунан 5500 метрге же деңиз деңгээлинен 7000 метрге жакын бийиктикке жеткен.
«Биздин анализ Левотоби Лаки-лаки вулканынын активдүүлүгү дагы эле жогору экенин көрсөттү», – деди агенттиктин жетекчиси Мухаммад Вафид.
Жергиликтүү бийлик тарабынан тургундарга кратерден муздак лава агып кетүү коркунучу бар экени эскертилген. Бирок тургундарды эвакуациялоо боюнча азырынча маалымат жок.
Буга чейин 13-майда Филиппиндеги Негрос аралындагы эң активдүү вулкандардын бири Канлаон атылганы белгилүү болгон.
Ага байланыштуу AirAsia авиакомпаниясынын каттамдары токтотулуп, тургундарды эвакуацияланган.
Филиппиндин вулканология жана сейсмология институтунун директору Тересито Баколкол түшүндүргөндөй, жанар тоонун түштүк капталдарында кратерден эки километрге созулган пирокластикалык агымдар байкалган.



















