Ирандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турниринин төртүнчү раундунун алкагында Тегерандагы өз стадионунда таасирдүү беттеш өткөрүп, Катар курамасын 4:1 эсебинде утуп алды.
17-мүнөттө Али Алмоездин голунун аркасында Катар биринчи болуп эсепти ачканына карабастан, талаа кожоюндары эсепти теңдеп гана тим болбостон, тыныгууга чейин алдыга да чыга алышты.
Ирандык чабуулчу Сердар Азмаун дубль жасап, биринчи таймдын каарманы болду. Ал алгач 42-мүнөттө эсепти теңеп, алты мүнөттөн кийин Иранды алдыга чыгарды.
Экинчи таймда ирандыктар үстөмдүгүн улантышты. Мохаммад Мохеби 66-мүнөттө өз командасынын эсебин 3:1ге жеткирди. Ал беттештин 98-мүнөтүндө Катардын дарбазасына төртүнчү голун киргизип, беттешке чекит койду.
Бул ишенимдүү жеңиш Иранга 10 упай менен “А” тайпасында алдыңкы орунга чыгууга мүмкүндүк берди.
Ошол эле күнү 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турниринин алкагында Бишкекте өткөн башка беттеште Кыргызстан Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде, Ташкентте Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттарын 1:0 эсебинде утуп алды.
Бул беттештен кийин Иран 10 упай менен өз тайпасында 1-орунда турат., Катар (4 упай) 4-орунда, Кыргызстан (3 упай) 5-орунда турат.
Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага «А», «В» и «С» бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.
Кыргызстан, Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары «А» тайпасында жайгашкан.


















