Азыркы учурда Евробиримдиктин калкы эң жогорку чекке жетип, эми азая баштайт. Бул тууралуу Европа комиссиясынын (ЕК) мүчөсү Дубравка Шуйца билдирди.
Анын сөзү Европа комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.
Анын айтымында, учурда Евробиримдикте 450,6 миллион адам жашайт. 2050-жылга карата бул көрсөткүч болжол менен 445 миллионго чейин төмөндөйт. Ал эми 2100-жылы калктын саны 398,8 миллионго жетет. Бул 11,7 пайызга кыскаруу дегенди билдирет жана калктын саны акыркы жолу 1970-жылдары катталган деңгээлге түшөт.
Мындай өзгөрүүлөр Европа экономикасы үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. Аларга жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, мамлекеттик бюджеттерге болгон басым, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана кесиптик даярдоо системаларына түшкөн жүктүн көбөйүшү кирет.
Шуйца белгилегендей, бүгүнкү күндө европалыктар мурдагыдан да узак өмүр сүрүүдө. 2050-жылга карата Евробиримдиктин дээрлик ар бир үчүнчү жараны 65 жаштан жогору болот (азыркы учурда мындай көрсөткүч ар бир бешинчи адамды түзөт). 2100-жылга карата аялдардын орточо жашоо узактыгы 90 жаштан, ал эми эркектердики 86 жаштан ашышы мүмкүн. Еврокомиссардын айтымында, 2023-жылы Евробиримдикте төрөлгөн бала олуттуу ооруларсыз 75,3 жашка чейин жашай алат деп күтүлүүдө.


















