Европа Биримдигинин Кеңеши Еврокомиссиянын сунушун жактырып, 2028-жылдын 1-январынан тарта Орусиядан газ сатып алууга тыюу салууну бекитти. Тийиштүү билдирүү ЕБ Кеңешинин расмий сайтында жарыяланганын орусиялык ТАСС агенттиги жазды.
«Европа Биримдигинин Кеңеши орус жаратылыш газын импорттоодон баш тартуу боюнча жобо долбооруна байланыштуу өзүнүн сүйлөшүү позициясын бекитти», — деп айтылат документте.
Бул чечим Орусиядан түтүк өткөгүч аркылуу жеткирилүүчү жана суюлтулган жаратылыш газын сатып алууга тыюуну камтыйт. Тыюу чаралары этап-этабы менен киргизилет, ал эми толук тыюу 2028-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Бул долбоор күчүнө кириши үчүн аны Европа парламенти да бекитиши керек.
Документте көрсөтүлгөндөй, жаңы газ келишимдерин түзүүгө 2026-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынат. Кыска мөөнөттүү келишимдер 2026-жылдын 17-июнуна чейин токтотулууга тийиш, ал эми узак мөөнөттүү келишимдер 2028-жылдын 1-январына чейин гана улантылышы мүмкүн.
Эми ЕБ Кеңеши бул жобону Европа парламенти менен макулдашуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Европа парламенти бул тыюуну дагы катуу формада киргизүүнү талап кылып, Орусиядан газ жеткирүүнү бир жыл мурда — 2027-жылдын 1-январынан тарта токтотууну сунуштоодо.
Бул сунуш ЕБ Кеңешинде санкциялык саясаттын алкагында эмес, Евробиримдиктин соода саясатынын негизинде каралган. Бул тартип боюнча мүчө мамлекеттердин вето укугу жокко чыгарылган. Ошондуктан чечим квалификациялык көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, Словакия жана Венгриянын каршы пикирлери эске алынган эмес. Еврокомиссия бул тыюу чарасы Украинадагы жаңжалдын жүрүшүнө карабастан, түбөлүккө күчүндө болорун баса белгилөөдө.


















