2025-жылдын башынан бери Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө болгон өрттүн натыйжасында 1 млн гектардан ашык аймак күйүп кетти.
Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.
«Европанын токойлорундагы өрт тууралуу маалыматтык системасынын (EFFIS) билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылы өрт Европа Биримдигинде 1 млн гектардан ашык жерди кыйратып кетти. Бул көрсөткүч 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан статистиканын эң жогорку көрсөткүчү болуп саналат», — деп билдирди телеканал.
2017-жылдагы рекорддон ашып, 2025-жылдын 21-августунда түшкө карата өрттөнгөн аймактын аянты 1 015 731 гектарга жетти. Испания менен Португалияда болсо дагы эле ири өрткө каршы күрөш жүрүп жатат.
2017-жылы болжол менен 988,5 миң гектар токой күйүп кеткен, анын жарымынан көбү Португалияда болгон. Ошол жылы 119 адам каза тапкан.
Азыркы учурда Европа Биримдигинин төрт өлкөсүндө — Германияда, Испанияда, Кипрде жана Словакияда — күйүп кеткен аймактар соңку 20 жылдагы жылдык рекорддордон ашып түшкөн. Бирок Португалия 2017-жылы өрттөнгөн 563,5 миң гектар менен «абсолюттук рекордду» кармап келет.
Испания быйыл өрттөн эң катуу жабыркаган өлкө болуп калды. Өлкөнүн батышында чыккан көптөгөн өрттөн төрт адам каза болду, жалпы 400 миң гектардан ашык аймак күйүп кетти. Бул Европадагы жалпы өрттөнгөн аймактардын дээрлик 40%ын түзөт.
Испаниядан кийин Португалия 274 миң гектар өрттөнгөн аймагы менен экинчи орунда турат. Кызыл жалындан үч адамдын өмүрү кыйылды. Үчүнчү орунда — 126 миң гектар аянты күйгөн Румыния турат.
BFMTV тактагандай, EFFIS бул эсептөөлөргө аянты 30 гектардан аз болбогон өрттү гана киргизген.


















