Жалпы Европа боюнча акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык өкүм сүрүп, континенттин 38% аянтын кургакчылык каптоодо. Франция, Германия жана Италия баштаган өлкөлөрдө суу тартыштыгы эң кооптуу деңгээлге жетти. Климаттык кризистен улам Дунай жана Рейн сыяктуу стратегиялык дарыялардагы суунун деңгээли рекорддук чекке түшүп, атомдук энергетика тармактары кризиске кептелди.
Мунун натыйжасында Евробиримдиктин калкынын 30%га жакыны жыл сайын таза суунун тартыштыгынан жабыркап жаткандыгын климатологдор айтышууда.
Бул маселе боюнча география илимдеринин кандидаты, доцент жана КР УИАнын М. М. Адышев атындагы Геология институтунун География бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарычу Бакиров Кочкунбек Бакировичке кайрылып, адамзаттын жашоосу үчүн олуттуу маселелердин келип чыгышына алып келген экологиялык кризистердин алдын алуу чаралары жөнүндө бир катар суроолорго жооп алдык.
– Кочкунбек Бакирович, Европанын экосистемасы мындай масштабдуу кургакчылыктан кийин кайра калыбына келе алабы же тескерисинче жакынкы 10 жылдыкта бул аймакта чөлгө айлануу процесси тездейби?

– Ооба, Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды десек жаңылышпайбыз, айтсак акыркы эле он жылда жалгыз эле Европада эмес жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринде абанын айлык температуралары жыл сайын рекорддук чектен ашып жатат. Мисалы, 2026-жылдын жайында Европа өтө катуу ысык аномалиясынан жана узакка созулган ысык толкундарынан жапа чегүүдө. Быйылкы июнь айы Батыш Европада тарыхтагы эң ысык ай болду, ал эми дүйнө жүзү боюнча ал экинчи орунду ээледи.
Европанын климатка мониторинг жүргүзүүчү «Коперник» кызматынын маалыматына ылайык, температура өнөр жай дооруна чейинки болжолдуу орточо көрсөткүчтөн 1,39 градус Цельсийге жогору болду.
Франциянын, Испаниянын, Улуу Британиянын жана Борбордук Европанын айрым аймактарында абанын температурасы 37–40°Cден ашууда. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү бүткүл континент боюнча 25 000ден ашуун кошумча өлүмгө алып келди; ошондой эле масштабдуу токой өрттөрү жана энергетика тармагындагы үзгүлтүктөр тууралуу маалымдалууда.
Өтө катуу ысык толкуну Европанын түштүк, батыш, борбордук, түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндөгү кеңири аймактарга, анын ичинде Германия, Франция, Испания, Швейцария, Улуу Британия, Польша жана Швеция сыяктуу өлкөлөргө таасирин тийгизди. Бир катар өлкөлөрдө температура боюнча тарыхый рекорддор (июнь айы же жалпы байкоо жүргүзүү мезгили үчүн) жаңыланды; эң жогорку температура — 45,1°C — 22-июнда Испанияда катталды, ал эми абанын температурасындагы аномалиялар +9°Cга чейин жетти (негизинен Францияда жана Германиянын батыш-борбордук бөлүгүндө).
Июнь айынын аягында Улуу Британиянын түштүк-чыгышында абанын температурасы 37 градустан ашып, ай боюнча тарыхый рекорд жаңыланды; буга чейин рекорд жума ичинде бир нече жолу жаңыланып, 1976-жылдагы көрсөткүчтөн ашкан эле. Ошондой эле 2026-жылдын июнь айы өлкө тарыхындагы эң ысык мезгил июнь айы болуп калды (мурунку температуралык рекорд май айында катталган эле).
Мунун себеби, Сахара чөлүнөн келген кубаттуу антициклон Европа континенттин үстүндө “ысык капкак” эффектин жаратты. Бул учурда аба массалары Африкадан келе баштады. Анын кесепетинен аба үзгүлтүксүз ысый баштады, ал эми ачык асман жана жаан-чачындын жоктугу жердин катуу ысышын күчөтө берди. Улуу
Британияда Метеорологиялык кызмат абанын температурасы 37°Cге чейин жетиши мүмкүн экенин эскертип, “сары” (орточо кооптуу) деңгээлдеги эскертүүнү жарыялады. Франция менен Испаниянын айрым аймактарында температура 40°Cге же андан жогору деңгээлге жетүүдө.
Чөлгө айлануу процесси токтогон жок, тескерисинче, айрыкча түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарда (Жер Ортолук деңиз зонасында) жайылуусун улантууда. Глобалдык жылуулуктан жана жерди интенсивдүү пайдалануудан улам деградацияга учуроо коркунучу бар кургак жерлердин аянты кеңейүүдө.

Европадагы көйгөйдүн масштабы. Жабыркаган аймактар: Европа Биримдигинин аймагынын болжол менен 12%ына чөлгө айлануу процесси таасирин тийгизген. Деградациядан эң катуу жабыркаган өлкөлөр: Испания (аймагынын 53%га чейыны коркунуч алдында), Кипр (45%), Греция (36%), ошондой эле Португалия жана Италиянын түштүк бөлүгү. Коркунуч алдындагы калк: Түштүк Европадагы 40 миллиондон ашык тургун топурактын деградациясы жана суунун жетишсиздигинин кесепеттерин сезүүдө.
Чөлгө айлануу процесессинин уланышынын негизги себептери: Температуранын жогорулашы: Түштүк Европа дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө караганда тез жылууда, бул кургакчылыкты күчөтүүдө.
Суу ресурстарынын азайышы: Интенсивдүү дыйканчылык жана массалык туризм жер астындагы сууларды ашыкча алууга жана суу сактагычтардын кургап калышына алып келүүдө.
Топурактын эрозиясы: Жерди туура эмес иштетүү, токой өрттөрү жана урбанизация топурактын түшүмдүү үстүнкү катмарын жок кылууда.
Буга каршы чаралар: Европа Биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер бул процессти токтотпогону менен, аны ооздуктоого аракет кылууда. БУУнун Чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча конвенциясынын (UNCCD) алкагында топурактын деградациясына мониторинг жүргүзүүнүн жаңы стратегиялары кабыл алынды, ошондой эле 2030-жылга карата жердин деградациясын нөлдүк деңгээлге жеткирүү максатында суу ресурстарынын туруктуулугун камсыздоо жана экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча программалар иштелип чыгууда.
Жыйынтыктап жатып айтып коюш керек, эгер глобалдык жылуулук цельсия боюнча 3 градустан ашса, анда Түштүк Европа өлкөлөрү чөлгө айлануу коркунучуна туш болушат. Бул тууралуу БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобунун (IPCC) төрагасы Жим Скиа билдирген.

Скиа 2100-жылга карата глобалдык жылуулук Цельсия боюнча 3 градуска жетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ушул жагдайды эске алуу менен, эксперт климаттын өзгөрүшү мындан ары келечектеги он жылдыктардын гана маселеси эмес, бул поцесс туруктуу болору күтүлүүдө. Анткени ал дал ушул учурда климаттын жылууланусу жүрүп жатат — жана адамзат буга ыңгайлашуусу зарыл деп белгиледи.
– Ири дарыялардын кургашы убактылуу кубулушпу же климаттык өзгөрүүнүн башталышыбы? Алдын алуу үчүн кандай чукул экологиялык чараларды көрүү зарыл?
– Планетанын эң ири дарыяларынын соолуп баратышы убактылуу аномалия эмес, глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн жана антропогендик басымдын күчөшүнүн системалуу көрүнүшү. Окумуштуулар дүйнө жүзү боюнча дарыя бассейндеринде суунун деңгээлинин рекорддук төмөндөшүн белгилеп жатышат, муну узак мөөнөттүү температуранын көтөрүлүшү жана суунун айлануусунун бузулушу менен байланыштырышат.
Дарыялардын ири масштабдыга курагышынын себептери төмөнкүлөр:
Буулануунун көбөйүшү: Дүйнөлүк абанын температурасынын жогорулашы ным алмашууну күчөтүп, дарыялардын, көлдөрдүн жана топурактын бетинен суунун тез бууланышына алып келет. Мөңгүлөрдүн бузулушу: Тоолуу муз катмарларынын (анын ичинде Тянь-Шань жана Памир аймактарында) кичирейиши башында ашыкча сууну пайда кылат, бирок кийинчерээк жай айларында дарыя агымынын катастрофалык түрдө азайышына алып келет.
Жаан-чачындын жана кар катмарынын азайышы: Кыш жылуу болуп баратат, натыйжада жазында дарыяларды азыктандыруу үчүн кар аз жаап жатат жана анын катмары көп жылдан бери туруксуз .
Дарыя агымын айыл чарбасында, өнөр жайда жана өсүп жаткан калктын муктаждыктары үчүн интенсивдүү пайдалануу табигый жетишсиздикти курчутуп жатат.
Кесепеттери жана тенденциялары же өнөкөт суу кризиси: Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун статистикасы көрсөткөндөй, акыркы он жылдыктарда дүйнөлүк дарыялардын суу агымы рекорддук темп менен азайып баратат.
Экосистемаларга жана экономикага коркунуч: Дарыялардын азайышы айыл чарбасы жогорку тобокелдикке ээ болгон аймактарда гидроэнергетикага, кемечиликке, ичүүчү суу менен камсыздоого жана сугатка терс таасирин тийгизүүдө.
Борбор Азиядагы дарыялар боюнча абал өтө оор жана ал ресурстардын өнөкөт тартыштыгына айланып бараткан “суу тартыштыгы” (water stress) фазасы менен мүнөздөлөт.
Климаттын өзгөрүшү жана сууну керектөөнүн өсүшү менен аймактын негизги суу артериялары — Амударыя менен Сырдарыя — тездик менен азаюуда; бул болсо акыркы жылдары жан башына туура келген таза суунун жеткиликтүү запастарынын 12%га азайышына алып келди.
Аймактагы кризистин негизги себептеринин бири — мөңгүлөрдүн эришинен улам келип чыккан “суунун эң жогорку чеги” (peak water) маселеси: маанилүү дарыяларды суу менен камсыз кылган Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларындагы мөңгүлөр жок болууда.

Мисалы, Кыргызстан акыркы жарым кылым ичинде эле болжол менен 2000 мөңгүсүн жоготту. Мөңгүлөрдүн тез эриши суунун агымын убактылуу көбөйткөнү менен, аймак критикалык чекке — дарыялардын агымы кайра калыбына келгис жана кескин түрдө азая турган “суунун эң жогорку чегине” жакындап баратат.
Кар аз жааган кыштар жана кургакчылык: Кышында жаан-чачындын жетишсиздиги туруктуу кар катмарынын пайда болушуна тоскоол болуп, натыйжада жаз-жай мезгилдеринде суу сактагычтарга келген суунун көлөмү нормадан төмөндөп кетүүдө. Учурдагы гидрологиялык циклдерде Аму-Дарыянын суу агымы норманын 66,8%ына чейин азайды.
Айыл чарбасындагы сууга болгон муктаждык: Аймакта алынган суунун жалпы көлөмүнүн 82%га чейини айыл чарбасына (негизинен пахта жана дан эгиндерин сугарууга) жумшалат. Эскирген топурак каналдар суунун топуракка сиңип кетиши жана бууланып жоголушу аркылуу 40%га чейинки жоготууга алып келет.
Кош-Тепа каналынын фактору: Учурда Ооганстанда курулуп жаткан ири Кош-Тепа каналы Аму-Дарыянын агымынын олуттуу бөлүгүн буруп алууну көздөөдө. Кырдаалды айлана-чөйрөгө зыяндуу курулуш ыкмаларынын, тагыраак айтканда, каналдын таманын бетон менен каптабоонун кесепетинен суунун олуттуу жоготууга учурашы ого бетер татаалдаштырууда.
Региондун мамлекеттери үчүн тобокелдиктер:
Өзбекстан жана Казакстан (агымдын төмөн жагында жайгашкан) үчүн суунун жетишсиздиги түшүмдүүлүккө жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат; Казакстандын түштүк төрт аймагы сугат суусунун өнөкөт жетишсиздиги зонасына кирди. Кыргызстан жана Тажикстан (агымдын жогору жагында жайгашкан) үчүн суунун деңгээлинин төмөндүгү гидроэнергетика тармагына таасирин тийгизет. Кыш мезгилинде суу сактагычтардагы (мисалы, Токтогул жана Нурек) суунун деңгээлинин төмөндүгү электр энергиясын өндүрүүгө тоскоол болуп, агымдын жогору жагындагы энергияга болгон муктаждык менен агымдын төмөн жагындагы сугат суусуна болгон муктаждыктын ортосундагы тармактар аралык талаш-тартыштарды жаратат.
Ири дарыялардын соолуп калышына жол бербөө үчүн айыл чарбасы жана өнөр жайы үчүн суу алууну азайтуу, тамчылатып сугарууну киргизүү, дарыя бассейндеринде токойлордун кыйылышын токтотуу, дарыялардын башатындагы саздак жерлерди калыбына келтирүү, агынды сууларды тазалоочу жайларды модернизациялоо жана чек ара аралык суу бөлүштүрүү боюнча адилеттүү келишимдерди түзүү зарыл.
Суу ресурстарын башкаруу: Сугаруу үчүн алынуучу суунун көлөмүн азайтуу. Тамчылатып сугарууну жана сууну үнөмдүү пайдаланган дыйканчылык системаларын киргизүү. Мыйзамсыз дамбаларга жана сууну уруксатсыз алууга каршы күрөшүү. Өнөр жай объектилерин суу менен камсыздоонун жабык циклдеги системалары менен жабдуу.
Суу бөлгүч экосистемаларды калыбына келтирүү. Дарыялардын башатындагы жана булактарындагы саздак жерлердин кургашын токтотуу. Эрозияны алдын алуу үчүн дарыя өрөөнүнүн жээктеринде жана капталдарында ири масштабдуу бак-дарак отургузуу иштерин жүргүзүү. Кургакчылык мезгилде дарыяларды колдогон табигый жайыттарды жана саздак жерлерди калыбына келтирүү.
Дарыянын нугун тазалоо жана коргоо: Дарыянын нугун ылайдан жана таштандылардан тазалоо. Заманбап муниципиалдык агынды сууларды тазалоочу жайларды куруу жана жаңыртуу. Тазаланбаган агынды сууларды жана өнөр жай агынды сууларын агызууну азайтуу.
Эл аралык кызматташтык: Бир нече өлкөнүн аймагы аркылуу аккан дарыялар боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды иштеп чыгуу. Суу агымына үзгүлтүксүз илимий жана экологиялык мониторинг жүргүзүүнү жолго коюу.
Европа Биримдигинин “Европалык жашыл келишим” жана “Fit for 55” топтомунун алкагында бириктирилген климаттын өзгөрүшү боюнча программалары парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 2030-жылга чейин (1990-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу) 55%га кыскартууну, 2040-жылга чейин таза чыгарууларды 90%га азайтууну жана 2050-жылга чейин климаттык нейтралдуулукка толук жетишүүнү көздөйт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетикалык натыйжалар — чыгарууларды азайтуу:
2020-жылдардын ортосуна карата Европа Биримдигинде парник газдарынын эмиссиясы 1990-жылга салыштырмалуу 37–40%дан ашык төмөндөгөн. Кайра жаралуучу энергиянын өсүшү: Европанын энергетикалык аралашмасындагы кайра жаралуучу энергия булактарынын (күн, шамал) үлүшү 46%дан ашты, бул көмүр жана газ менен иштеген электр энергиясын өндүрүүнү тездетип, токтотууга мүмкүндүк берди. Энергиянын натыйжалуулугу: Имараттар, транспорт жана өнөр жай үчүн катуу стандарттарды киргизүү жалпы энергия керектөөнү азайтууда.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн каржылоо, биринчи кезекте, өнөр жайлык тазалоочу жайларды модернизациялоого, калдыктарды башкаруу системаларын өнүктүрүүгө, кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүгө жана деградацияланган экосистемаларды калыбына келтирүүгө багытталышы керек. Бул чаралар адамдардын ден соолугун коргоо жана жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген жүктү азайтуу үчүн эң чоң пайда алып келет.
Өнөр жай жана аба. Чыгындыларды тазалоо: Заводдордо жана фабрикаларда заманбап чыпкаларды орнотуу. Таза технологиялар: Ишканаларда жабык циклдеги өндүрүш процесстерин киргизүү.
Мониторинг: Абанын сапатына автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү системаларын иштеп чыгуу.
Суу ресурстары же агынды суулар: Шаардык жана жаан-чачын сууларын тазалоочу курулмаларды куруу жана оңдоо. Суу объекттерин коргоо: Ичүүчү суу булактарынын санитардык коргоо зоналарын коргоо.
Калдыктар жана кайра иштетүү: Калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү боюнча заманбап инфраструктураны түзүү. Полигондорду калыбына келтирүү: Айлана-чөйрөгө келтирилген топтолгон зыянды жана кооптуу калдыктар маселесин чечүү.
Жаратылыш жана климат. Энергетика: Экологиялык жактан таза отунга өтүү жана эгергияны үнөмдөө.
Жашылдандыруу: Токойлорду калыбына келтирүү жана көмүртекти сиңирүүчү жаратылыш аймактарын коргоо.
– Эгерде глобалдык жылуулуктун темпи басаңдабаса Европа, Борбор Азия континентеринин жалпы географиалык абалына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

– Климаттын мындан ары жылышы Европа жана Борбордук Азия аймактарындагы ландшафттардын кеңири масштабдуу өзгөрүшүнө алып келет. Европада катуу кургакчылык, топурактын начарлашы жана дарыялардын тартылышы күтүлсө, Борбордук Азияда мөңгүлөрдүн тез эриши суунун кескин жетишсиздигин, чөлгө айланууну жана табигый зоналардын өзгөрүшүн шарттайт.
Буга кенен жана өзүнчө жоо бере турган болсом төмөнкүдөй:
Борбордук Азия үчүн кесепеттери төмөнкүлөр:
Мөңгүлөрдүн эриши:
Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларындагы мөңгүлөр 2100-жылга чейин өз массасынын 85%ке чейинин жоготуп, аймакты дарыя суусунун негизги булагынан ажыратышы мүмкүн.
Суу тартыштыгы: Дарыялардын агымы кескин азайып, сугат дыйканчылыгынын негизине доо кетирет.
Чөлгө айлануу: Түштүк аймактар жана ойдуңдар тездик менен жансыз чөлгө айланып, муну менен катар чаңдуу бороондор күчөйт.
Табигый кырсыктар: Кыйратуучу селдер, жер көчкүлөр жана өтө катуу ысык толкундары бат-баттан каттала баштайт.
Европа үчүн кесепеттери төмөнкүлөр:
Кургакчылык жана өрттөр: Түштүк жана Борбордук Европа катуу ысыктан жана масштабдуу токой өрттөрүнөн жапа чегүүдө.
Агымдардын бузулушу: Океан агымдарынын начарлашы же токтоп калышы бүткүл континентте аба ырайынын кескин жана алдын ала айтууга мүмкүн болбогон өзгөрүүлөрүнө алып келиши ыктымал.
Экосистемадагы өзгөрүүлөр: Токой зоналары түндүктү карай жылып жатса, түштүктөгү салттуу айыл чарба аймактарында түшүмдүүлүк төмөндөөдө.
– Борбор Азиядагы ири мөңгүлөрдүн эришинин алдын алуу үчүн аймактагы өлкөлөр кандай кадамга барышы керек?
– Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин токтотуш үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү криосфераны илимий жактан көзөмөлдөө, антропогендик ыш жана чаң менен булганууну азайтуу, айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана макулдашылган климаттык саясатты жүргүзүү менен тоо экосистемаларын калыбына келтирүү үчүн күчтөрүн бириктириши керек.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева



















