Өзбекстандын улуттук курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпионатындагы экинчи оюнун өткөрдү.
Тайпалык баскычтын экинчи турунун алкагында Фабио Каннаваро жетектеген команда Португалиянын курама командасы менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калды.
Оюндун алгачкы голун Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду 6-мүнөттө киргизди. Ал экинчи голун 39-мүнөттө Бруну Фернандештин пасынан кийин жаратты. Бул дүйнө чемпионатында Роналду рекорд коюп, дүйнө чемпионаттарынын алтоосунда тең гол киргизген тарыхтагы биринчи футболчу болду.
Өзбекстандын дарбазачысы да 17-мүнөттө автогол киргизип, атаандаш командага упай алып берди. Мындан тышкары, Өзбекстандын дарбазасына Нуну Мендеш жана Рафаэл Леау да гол киргизишти.
Учурда Португалиянын курама командасынын эсебинде төрт упай бар болсо, Өзбекстандын курамасында упай жок.
Тайпалык баскычтын акыркы турунда Португалия Колумбия менен ойнойт, ал эми Өзбекстан Конго Демократиялык Республикасы менен беттешет. Эки оюн тең 28-июнда өтөт.
Өзбекстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатына өз тарыхында биринчи жолу катышууда. Анын улуттук курама командасы постсоветтик мейкиндиктен чыккан тарыхтагы үчүнчү жана быйылкы чемпионаттагы жалгыз команда болуп саналат.


















