Көпчүлүк күткөн Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Бул майрамды балатысыз элестетүү мүмкүн эмес. Кээ бир өлкөлөрдө салтка айланган балатылардан тышкары, адаттан тыш балатыларды орнотуп, элдин майрам алдындагы маанайын көтөргөнгө аракет кылып келишет. Буга чейин көрө элек өзгөчө балатылардын сүрөттөрүн сунуштайбыз.
Көл үстүндөгү балаты

Рио-де-Жанейродо жаңы жылдык балаты сууга, Лагоа Родриго-де-Фрейташ көлүнө орнотулган. Гиннестин рекорддор китебине ылайык, бул балаты дүйнөдөгү эң чоң сууда калкып турган балаты болуп саналат. Жыл сайын балаты жаңыча жасалып турат.
Терезеден жасалган балаты

Эски үйлөрдөн алынган 121 терезеден балаты Эстониянын Раквер шаарында орнотулган. Айнек ар кандай түскө боёлгон.
Адамдардан жасалган балаты

АКШнын Мичиган штатында Frauenthal көркөм өнөр борборунун хорунун мүчөлөрү жаңы жылдык балатынын формасында тизилип, хор аткарып жаткан учуру.
Lego’дон балаты

Жарым миллиондон ашык легодон жасалган жаңы жылдык балаты Австралиянын Мельбурн шаарындагы Федерация аянтында орнотулган.
Канаттуу балаты

Периштенин канатындай болгон канаттуу дагы бир адаттан тыш балаты Ливандын Бейрут шаарындагы Сассин аянтына орнотулган.
Шардан жасалган балаты

Түркүн-түстүү шарлардан жасалган өзгөчө балаты Таиланддын Бангкок шаарындагы аянтка орнотулган.
Кол чатырдан жасалган балаты

300гө жакын кол чатырдан жасалган өзгөчө жаңы жылдык балаты Индиянын Ахмедабад шаарындагы ITC Narmada мейманканасына орнотулду.



















