Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында Катраң жана Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүндөгү, ошондой эле Раззаков шаарындагы бир катар объектилердин учурдагы абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Алгач Камила Талиева Катраң айыл өкмөтүндө болуп, Баул айылында 1980-жылдары курулган суткалык жөнгө салуучу бассейндин абалын, ошондой эле бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп чыкты. Муну менен катар эл өкүлү сел коркунучу бар Катраң-Баул жолунун, анын ичинен Кара-Өтөк тилкесинин курулушу боюнча маалымат алды. Буга байланыштуу ал селдин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле сел каналдарын куруу боюнча сунуштарын айтты.
Камила Талиева ушул эле айыл өкмөттө жайгашкан Эпкин орто мектебинин абалына да баа берди. Мектеп жетекчилиги имаратты чукул арада капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Берк-Суу-Тешик-Таш ирригациялык системасын реконструкциялоо долбоору боюнча, Өзгөрүш айылындагы кичи ГЭСтердин жана ФАПтардын курулушунун жүрүшү боюнча кабар алды.
Депутаттын иш сапарынын кийинки пункту Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө болду. Кара-Булак айылындагы типтүү мектепке барып, эл өкүлү капиталдык оңдоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды. Тилекке каршы, курулуштун создуктурулуп жатышы куруучуларга эмгек акы төлөнбөгөндүктөн болуп жатканы маалым болду. Эмгек акынын жөнгө салынбаган абалы окуу жылынын башталышына карата оңдоо иштерин өз убагында бүтүрбөө коркунучун жаратууда.
Андан соң эл өкүлү Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Айбийке, Айкөл айылдарындагы ФАП менен Наркозу Батыров атындагы орто мектепте, ошондой эле Маданият мектебинде жана Тогуз-Булак айылындагы бүтпөй калган бала бакчада да болуп, аталган билим берүү мекемелердин көйгөйлөрүн укту.
Камила Талиева Раззаков шаарындагы бала бакчага да барып, бул мекемени капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле бул бала бакчага кирүү үчүн 1000ден ашык бала кезекте турганы, анын кубаттуулугу 250 адамды гана түзөөрү айтылды. Азыркы учурда мэрия жылуулук системасын оңдоо максатында тендер өткөрүүдө.
Мындан тышкары, депутат Лейлек айыл өкмөтүндөгү 225 окуучу орунга эсептелген мектептин курулушу менен таанышты.
Иш сапарын жыйынтыктап жатып, Камила Талиева белгиленген бардык маселелерди кылдаттык менен карап чыгууга жана аларды чечүү үчүн бардык аракеттерин көрүүгө даяр экенин белгиледи.