Президенттин мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыгы аткарылбай, дагы деле мыйзамсыз акча чогултуулар болуп жатат. Бул тууралуу Курултайда Октябрь айылынан келген делегат Шайдулла Жолдубаев билдирди.
“Мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койдуңуз. Буга биз абдан кубандык. Бирок ал жарлыгыңыз аткарылган жок. Мектептерде дагы деле мыйзамсыз акча чогултуулар уланууда. Камкорчулук кеңеши, “жардам берели, чогултуп коелу” деген жүйө менен акча чогултуулар кайра башталды. Мектеп аймагында акча чогултуу дегенге толугу менен тыюу салыш керек. Эгер жеке демөөрчүлөр жардам берем десе, жардам берсе болот, бирок жалпы планда жайып коелу, берип коелу деген болбошу керек”, – деди ал.
Мындан тышкары, ал мектепте иштеген техкызматкерлердин айлык акысы аз экендигин айтып, алардын айлыгын көтөрүп берүүнү суранды.
Эске салсак, президент ушул жылдын май айында мектептерде акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон.
Учурда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.



















