Coca-Cola корпорациясы Европадагы көп сандагы суусундуктарын кайра чакыртып алууда.
Буга контейнерлерден табылган уулуу хлораттардын көлөмүнүн көбөйгөнү себеп болгон.
Бул маалыматты France Presse агенттиги Coca-Cola Europacific Partners Бельгияга шилтеме берүү менен жазганын РИА Новости билдирди.
Маалыматка караганда? Coca-Colaнын Европадагы бөлүмү Coca-Cola, Sprite жана башка ичимдиктерден ден соолукка коркунуч туудурган хлораттардын жогорку деңгээлин тапкандан кийин аларды кайра чакыртып алууну буйруган.
Себеби хлораттын деңгээли жогорулаган калай банкалар жана айнек бөтөлкөлөр 2024-жылдын ноябрынан баштап Бельгия, Нидерландия, Улуу Британия, Германия, Франция жана Люксембургда таратыла баштаган.
Агенттик компания жабыр тарткан ар бир өлкөнүн бийликтери менен байланышта экендигин билдирген менен ден соолукка кооптуу болгон контейнерлердин канчасы сатылып кеткени же сатылып жатканы боюнча маалымат берген эмес.
Хлораттар гемоглобин менен өз ара аракеттенип, метгемоглобинемияны пайда кылат жана кызыл кан клеткаларынын бузулушуна алып келет.
Адам үчүн хлораттардын өлтүрүүчү дозасы дене салмагынын 1 килограммына 10 грамм затты түзүшү мүмкүн.
Coca-Cola курамында газдалган суу, түстүү (карамель түсү IV), кычкылдуулукту жөнгө салгычтар (ортофосфор кислотасы, натрий цитратын алмаштыруучу), таттуу заттар (натрий цикламаты, калий ацесульфамы, аспартам) жана табигый ароматизаторлор бар.
Мындан тышкары консервант, кофеин да камтылган.



















