Кыргызстандын калкынын 10%дан ашыгы психикалык жактан жабыркайт. Буга социалдык түйүндөрдөгү терс маалыматтар себеп болуп жаткандыгын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген. Анын айтуусунда, мындай көрсөткүч психикалык саламаттык борборлоруна кайрылгандар гана. Бирок кайрылбагандар мындан да бир кыйла көп болушу мүмкүн. Алардын арасында депрессия, тынчсыздануу, нерв системасынын бузулуусу сыяктуу көйгөйлөргө кабылгандар бар.
Министрдин бул маалыматынан кийин белгилүү психолог Алтын Рысбекова менен парапсихолог Лариса Асанбековага кайрылып, адамдардын психологиясынын бузулуп жаткандыгынын себептерин сурадык.
Адистер эмне дейт?
Алтын Рысбекова, психолог:
Акыркы кезде санариптик аутизмдин күчөшү байкалууда…
– Эң оболу социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга көңүл буралы. Тик-ток, Инстаграм, Фейсбук, Ютуб жана башка социалдык тармактардын интернет булактарынан адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай ар түрдүү маалыматтар таркалууда. Алардын арасында терс маанайдагы маалыматтар көбүрөөк жана бул жагдай боюнча окурмандардын саны тилекке каршы бир кыйла көп. Себеби адамдар позитивдүү көз караштан алыстап, пессимизмге же жашоого терс көз караш менен мүнөздөлгөн, бардык нерседен жаман нерсени чагылдырган маалыматтарга сугарылып калышууда. Натыйжада мунун таасири коомчулуктун бир бөлүгүн агрессивдүүлүккө түртүп, натыйжада кылмыш жолуна, суицидке баргандар да жок эмес. Муну менен катар айрыкча санариптик аутизмдин күчөшү байкалып жатат. Бул чоң кишилерди кылмышка түртсө, жаштардын агрессивдүулүгүнүн өсүшүнө алып келүүдө.
Мунун бир кыйла себептери бар. Негизгилери жумушсуздук, кымбатчылык жана билимсиздик.
Жумушсуздуктун айынан коомчулуктун ишке жарамдуу бөлүгү чет мамлекеттерге чыгып кетишкен. Ал эми алардын балдары кароосуз калууда. Мисалы, акыркы мезгилде өлкөнүн киреше булагына айланган тигүү цехтеринин көпчүлүгүнүн жабылып жатышы аялдардын басымдуу бөлүгүн жумушсуз калтырууда. Азык-түлүк, кийим-кече, тейлөө кызматтары болсо күн сайын кымбаттап жатат. Мындан 2 жыл мурдагы 5 000 сомдун салмагы менен азыркы 5000 сомду салыштырып болбойт. Жетишпестиктин кесепетинен балдар жаш муундарга арналган иш чараларга, конкурстарга, тил курстарына баргандардын саны азайып, айласыздан уюлдук телефонго байланып калууда.
Санариптик аутизмдин өзгөчөлүгү – бул бузулуудан жапа чеккен адамдар виртуалдык дүйнөгө сиңип, реалдуу жашоого жана бири-бири менен болгон пикир алышууга кызыгуусун жоготушат. Башкалардан эмоционалдык жактан алыстоо күчөйт, бул социалдык обочолонууга жана байланыш көйгөйлөрүнө алып келет.
Мүмкүн болгон себептер кайсылар?
– Негизги себептердин бири санариптик түзмөктөрдү тынымсыз жана ашыкча колдонуу. Бул виртуалдык дүйнөгө чөмүлүүгө жана чындыктан алыстоого алып келет. Интернетте тез-тез байланышуу, онлайн оюндарды ойноо, видеолорду жана жаңылыктарды көрүү бул бузулуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн факторлордун катарына кирет. Психологиялык инсандык өзгөчөлүктөр, стресстик кырдаалдар, депрессия, тынчсыздануу бузулуулары жана башка факторлор да маанилүү ролду ойнойт.
Патогенези жана патофизиологиясы кандай?
– Патогенез санариптик технологияларга дуушар болуудан улам мээнин иштешинин өзгөрүшү менен байланыштуу. Экрандар менен тынымсыз өз ара аракеттенүү мээге ашыкча күч келтирүүгө жана натыйжада мээнин иштешинин бузулушуна алып келет. Санариптик аутизмдин патофизиологиясын изилдөө мээдеги нейрондордун жана нейрондук байланыштардын бузулушун аныктап, эмпатиянын, социалдык көндүмдөрдүн, концентрациянын, эс тутумдун жана башка терс психикалык процесстердин начарлашына алып келет.
Белгилери
– Чыныгы жашоодо башкалар менен баарлашууну каалабоо жана обочолонуу, социалдык өз ара аракеттенүүгө кызыгуунун жоголушу жана адамдардын бири-бири менен мамилелеринин начарлашы, социалдык медиага көз карандылык, жүрүм-турумдун бузулушу жана стимулдарга терс реакциялар. Мындан тышкары, башкалардын сезимдерин түшүнүүнүн жана эмпатиянын жоголушу. Уйку, тамактануу, эс тутум жана көңүл топтоо көйгөйлөрүн кошо алганда психикалык жана физикалык ден соолуктун начарлашы.
Диагнозу татаал
– Санариптик аутизмге диагноз коюу татаал. Анткени, бул социалдык бузулуунун так клиникалык белгилери жок жана аны аныктоо үчүн атайын мамиле талап кылынат. Диагноз коюу үчүн адистер кылдат психологиялык жана медициналык кароодон өткөрүп, бейтаптын медициналык тарыхын карап чыгып, маектешүүлөрдү жүргүзүп, алардын жүрүм-турумун байкашы керек. Адистештирилген тесттер жана анкеталар бузулууну аныктоо жана анын оордугун баалоо үчүн да пайдалуу.
Дарылоо кандай жол менен ишке ашат?
– Дарылоо комплекстүү болушу керек жана дары-дармектерди гана эмес, психологиялык жардамды, социалдык колдоону, реабилитациялык чараларды да камтышы керек. Дарылоонун негизги кадамы бейтаптын көйгөйдү таануусу жана жүрүм-турумун өзгөртүү. Психотерапия, топтук сессиялар, социалдык көндүмдөрдү окутуу жана когнитивдик жүрүм-турумдук терапия санариптик аутизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмалары болуп саналат.
Божомолдору
– Санариптик аутизмдин божомолу бир катар факторлорго, мисалы, бузулуунун оордугуна, коштолгон оорулардын болушуна, бейтаптын дарыгер менен кызматташтыгына жана жашоо образын өзгөртүү каалоосуна жараша болот. Муну өз убагында комплекстүү дарылоо жана адистер, жакындарынын колдоосу бул бузулуу менен ооругандардын прогнозун жана жашоо сапатын бир топ жакшыртат.
Санариптик аутизмдин коркунучу бул бузулуу жеке адамда олуттуу социалдык жана психикалык ден соолук көйгөйлөрүнө алып келеринде. Обочолонуу, реалдуу дүйнө менен байланышты жоготуу, байланыш жана өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү жашоо сапатын олуттуу түрдө начарлатат жана узак мөөнөттүү стрессти жаратат.
Бул көйгөй жалпы адамзат үчүн да коркунуч туудурат. Анткени санариптик технологияларды ашыкча колдонуу туура эмес адаптацияга, баалуулуктардын бузулушуна жана социалдык тилектештиктин менен инсандар аралык мамилелердин начарлашына алып келет. Санариптик аутизм көйгөйүн чечүү жана анын алдын алуу, жеңүү боюнча чараларды көрүү маанилүү.
Ошондуктан мен коллегаларыма “Санариптик аутизмдин алдын алуу” программасын иштеп чыгууну сунуштап, мунун үстүндө изденип келе жатабыз.
Эң негизги көңүл бура турган нерсе, балдар чоңдордун жүрүм-турумун туурашат. Андыктан балада санариптик гигиена көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн биринчи кадамы – ата-эненин адаттарын тууралоо. Негизинде дүйнө санариптешүүгө ыңгайлашкан сайын глобалдык көйгөйгө айланууда.
Лариса Асанбекова, парапсихолог:
Психологиялык оорулар эмнеге көбөйдү?
– Жаңы доорго өтүү башталды. Учурда жаңы доордун таза, күчтүү, сапаттуу энергиясын көтөрө албай ооруган адамдар көбөйүүдө.
Өзгөчө депрессия, нерв, жүрөк, боор, баш оору, кан басымдын жогорулашы, кант оорусу, рак оорусу, буту-кол, сөөк оорулары көбөйүп жатат. Бул адамзат жаңы энергияга өтүүгө даяр эместигин көрсөтөт.
Мисалы, рак ооруусу таарынчаак, кечиргенди билбеген кекчил, жандүйнөсү жарды адамдарда пайда болсо, кант диабети сүйгөндү билбеген, өзү да сүйүүгө муктаж өзүмчүл адамдарда көп пайда болот. Буту-колу, сөөктөрү ооругандар материалдык дүйнөгө байлангандар жана ушу сыяктуу мисалдар. Ар бир ооруу адамдын ой-толгоосунан, ниет- пейилинен, жашоо образына жараша ооруну өзү чакырып, ооруга өзү шарт түзүп берет.
Оору – бул адамга берилген сигнал. Кайсыл орган ооруса, ошол жерге терс энергия чогулган. Демек, адам өзү ошол оору эмне себептен пайда болгонун ойлоп көрүп, ооруну пайда кылган мүнөзүн, оюн, сөзүн, жашоого болгон көз карашын оңдошу керек. Башка бирөөнүн жардамы убактылуу гана жардам болуп кала берет. Оорудан айыккың келсе ооруну жараткан себебин оңдош керек. Ал эми оору болобу, көйгөй болобу баарынын себеби биоталаага чогулган терс энергия.
Ал эми жаңы доорго иргелген гана адамдар, башкача айтканда таза энергиялуу адамдар өткөндүктөн, оору деген көйгөй бара – бара жоголот. Жаңы доорго өтүү 2036- жылга чейин уланат. Тазаланган адамдар учурда аң-сезимдери ачылып, жаңы доорго өтүп жатышат.
Жандүйнөгө чогулган терс энергия оор болот жана төмөнкү катмарга сүйрөйт.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

















