Лондондогу Королдук коллеждин изилдөөчүлөрү курамында адам чачынан алынган кератин колдонулган тиш пастасын түзүштү.
Daily Mail маалыматына караганда, бул жаңы каражат бузулган эмалды калыбына келтирип, кариес өнүгүүсүн салттуу фтор камтыган пасталарга караганда натыйжалуу токтото алат.
Кератин тыгыз минералдык катмарды түзүп, эмалдын түзүлүшүн калыбына келтирет. Ал шилекейдеги минералдар менен өз ара аракеттенип, кристалл сымал каркас түзөт, бул болсо тишти бекемдеп, ачык нерв каналдарын жабат. Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, бул каражатты тиш пастасы катары да, маникюрдагы лак сыяктуу тактик гель түрүндө да колдонсо болот.
Сөөк ткандарынан айырмаланып, тиштин эмалы табигый жол менен калыбына келбейт. Фтор анын бузулушун гана жайлатат, бирок себебин жоготпойт. Ал эми жаңы ыкма тишке узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылып, анын бекемдигин кайтара алат деп окумуштуулар эсептешет.
Бул продукт коммерциялык түрдө 2–3 жыл ичинде чыгарылат деп күтүлүүдө.



















