Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө коопсуз ишке орношуу эрежелери тууралуу маалымдап, алдамчылык коркунучтары жөнүндө эскертүү берди.
Борбордун билдирүүсүнө караганда, акыркы учурда Европада, Канадада, АКШ жана Улуу Британияда “ишке оңой орноштурабыз” деп убада берген алдамчылардын саны көбөйгөн.
“Алар “Milky Way” шоколад фабрикаларында, “Coca-Cola”, “Pepsi” заводдорунда, “Adidas”, “Puma”, “Nike”, “IKEA”, “Volkswagen” жана башка белгилүү бренддердин кампаларында “жогорку айлык акы” жана “жаш курагын чектөөсүз” жумуштарды убада кылып алдашууда”,- деп айтылат аталган борбордун билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, алдамчылар жасалма интеллектин жана жаңы айла-амалдарды колдонушат.
Алар төмөндөгүдөй жолдор менен алдашат:
– Нейротарамдар аркылуу “расмий” сүрөт жана документтерди жасоо менен лицензияларды жасалмалоодо;
– “Тезирээк орун албасаң, орун калбайт” деген жарыялар менен эмоциялдык басым кылууда;
-Интернеттен табылган жасалма паспорттор менен “ырастоо” жөнөтүшүүдө.
– +44 (Англия), +1 (АКШ, Канада) сыяктуу номерлерди колдонуп “расмий” көрүнүүгө аракеттенишет.
– Оңой кетүү жана жогорку айлык убадасы менен үмүт жана коркунуч сезимине басым жасашат.
Борбордун эскертүүсүнө ылайык, агенттиктер Канадага жана АКШга жумушка жибербейт. Анын үстүнө, чет өлкөдө иштөөгө жаш курак чектөөлөр бар. Анткени жумуш физикалык күчтү талап кылат.
Дагы бир эске ала турган нерсе, “тез брондоо” үчүн акча талап кылуу шылуундардын биринчи амалдарынын бири.
“Польшада, Германияда, Венгрияда, Хорватияда жана башка Европа өлкөлөрүндө иштөө үчүн жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна ээ болгон гана жеке агенттиктерге кайрылыңыз”,- деп айтылат маалыматта.




















