Быйыл Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна туристтердин келүүсү аз болду. Дээрлик 50 пайызга аз келишти. Булар тууралуу альпинист-туристтерди кабыл алган базанын жетекчиси Жеңиш Абдувалиев билдирди.
Анткен менен быйыл Түркия жана Ирандан келген туристтердин саны көбөйө башташты. Андан сырткары, мигрант болуп келип, салыктарды төлөп, иштеп кеткен чет элдиктер да көбөйгөн. Алардын катарында Непалдан келген 15 чакты жигиттерди айтса болот.
Азыркы расмий аталышы Манас-Ата зоосу, мурунку Ленин чокусу тууралуу ал жерде 8 жылдан бери иштеген Жеңиш Абдувалиев кенен маалымат берет.
-Жеңиш мырза саламатсызбы? Бизге келген альпинисттер ушул Манас-Ата зоосунун кыл чокусуна чыгууну максат кылышат эмеспи. Аларга каралган шарттар кандай жана маршруттар тууралуу айтып берсеңиз?
– Саламатчылык. Биздин негизги базабыз деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Сиз экөөбүз азыр ушул жерде турабыз. Ал эми биринчи лагер дегенибиз 4400 метрде. Кыл чокуга чыгуу негизинен ушул жерден башталат. Ал жерде ашпозчудан тартып, официанттарга чейин бар. Биринчи лагерге күн сайын жүк алып барабыз. Ага түз эсептегенде 13 км, бирок жөө 18 км.
Ал эми экинчи лагерибиз 5300 метр бийиктикте жайгашып, ал жерде 30-40 палаткабыз бар. Бул жерде да альпинист балдар күзөттө турушат. Андан кийинки үчүнчү лагерь 6100 метрде. Бул акыркы лагер болуп саналат дагы, ушул жерден кыл чокуга жөнөшөт. Ошол үчүнчү лагерде 10 чакты палатка тиккенбиз, зарыл болгон учурда көбөйтөбүз. Ошентип, үчүнчү лагерден 7134 метрлик кыл чокуга эң эрте дегенде 19 саатта, ал эми эң кеч дегенде 28 саатта үчүнчү лагерге кайтып келишет. Ар бир лагерде кыргыз балдар бар. Биздин компанияда 100 адам иштейт.
– Анан бул жерде чет мамлекеттерден келип, мигрант катары иштеп кеткендер да бар экен. Алар негизинен альпинисттердин жүгүн көтөрүп, кийинки лагерге чейин чыгарып иштешет тура э?
– Ооба, бар. Андай болуп иштегендердин дээрлик баары мигранттар. Азыр Непалдан 15 бала келип иштеп атышат. Алар бизде патент төлөшөт, салыгын беришет дегендей.
– 1 кг жүктү канча менен көтөрүп чыгышат?
– Негизги базадан 1-лагерге чейин атчандар ташыйт. Анын баасы 50 центтен, 3 долларга чейин. Ал эми биринчи базадан экиге чейин 1 кг жүктүн баасы 10 доллар. Экиден үчкө чейин 15-20 доллар. Анан экинчи базадан кыл чокуга чейин 25 доллар. Ал жигиттер кайра артка кайтканда таштандыларды чогултуп түшүшөт. Негизи бизде чогултулган таштандылар түп-түз Ошко кетет. Ошко жөнөтөбүз.
– Быйыл канча турист келди? Жылдагыдай барбы же андан азбы?
– Быйыл жылдагыдан аз. 50 пайызга чейин аз келишти. 300-400 альпинист-туристтер келдишти. Болбосо жылда абдан көп келип, бул жерде автоунаалар батпай кетчү эле. Андай учурларда биз жетишпей калчубуз.
– Бул базада туристтер канчадан төлөшөт? Анан жергиликтүү тургундардан канча сом аласыңар? Дегеле кызматтарды канчадан көрсөтөсүңөр?
– Бизге жергиликтүү тургундардан келип, жатып кетебиз дегендер эч качан болгон эмес. А чет мамлекеттен келгендер бир палаткага 30 доллардан төлөшөт, анын ичинде сааркы тамагы кошулган. Андан сырткары бизде комплекстүү боз үйлөр бар.
Аларга бир суткасына эрте мененки тамагын кошкондо 100 доллардан төлөшөт. Ал эми кыргызстандыктар болсо албетте арзандатабыз. Бирок туристтер көп болуп, эч жакка жетишпей калганда эч кимге арзандатуу болбойт.
– Эми бул Жел Айдарга (Ленин пикке) дүйнөнүн төрт бурчунан келишет. Ошолордун катарында дүйнөгө таанымал инсандар да келип турушабы?
– Ооба, бизге, тиги жагы Канада, Мексикадан тартып, бул жагы Австралия, Жаңы Зеландиядан бери келишет. Бирок Африкадан гана келбейт. Азыр түрктөр, анан ирандыктар да акырындап келе башташты. Булар мурда аскердик максатта гана жиберишчү, азыр эми өздөрүнүн иш аракеттери менен келип жатышат. Алардын арасында тоону сүйгөн фанаттар көбүрөөк.
Келгендерди биз билбейт экенбиз, бирок кийин кеткенден кийин визиткаларын карап гана таанымал адам экенин же даражасы бийик экенин билип калабыз. Негизи эле белгилүү адамдар көп келишет. Альпинист-туристтердин көпчүлүгү орусиялыктар болгондуктан, алардын айрым облустарынын депутаттары, бийлик адамдары келишет. Андан сырткары, Швейцария сыяктуу айрым мамлекеттерден жогорку кызматтарда иштеген адамдар келишет.
– Эми тоо болгондон кийин бул жакта кандай жаныбарлар көп кездешет?
– Мен бул жерде 8 жылдан бери иштейм. Бул жакта негизинен кызыл кийиктер бар. Анан ак илбирс бар. Алар биздин лагерлерге жакын аймактарда жашайт, көрүп эле жүрөбүз. Керек болсо 6100дүк үчүнчү лагерге чейин чыгат экен. Анткени кар жааганда издери көп кездешет.
Ал жакка ак илбирстен башка жаныбар чыга албайт, жашай деле албайт. Алардын санын болжол менен айтсам, 25-50нүн тегерегинде десем жаңылышпайм. Балким андан да көптүр. Фотокапкан коюла турган болсо жакшы болмок. Эгер коюлса, июнь айынын башында коюп, сентябрдын аягында алып кетиш керек. Анткени суук күчөп, кар түшөт дагы аккумулятору отура баштайт.
– Рахмат маегиңизге
Кошумча:
Азыр Кыргызстанда “Ленин пик” деп таанылган 7134 метрлик тоо, 7439 метр бийиктик болгон “Жеңиш” чокусунан кийин турат. Ал эми КМШдагы үчүнчү чоку болгону менен Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Аны 2017-жылы Кыргызстан мурдагы президенти А.Атамбаев “Манас Ата зоосу” деп өзгөрткөн жарлык чыгарган.
Бул тоонун эзелки аты Жел-Айдар болгон. Бирок кийинчерээк, тактап айтканда, 1871-жылы орус географы жана саякатчысы Алексей Федченко Түркестан генерал губернатору Константин Петрович Кауфмандын урматына “Кауфман чокусу” деп атаган. Ал эми 1928-жылы жаңы бийлик ага “Ленин кыл чокусу” (Ленин пик) деген ат берген.
Бул тоого альпинизмге кызыгып, бийиктиктерди багындырууну максат кылган жүздөгөн альпинисттер жыл сайын келип турушат. Негизи туристтик мезгил август айынын башында башталат. Анда зоонун жанында маданий иш-чаралар өтүп, Эл аралык деңгээлде жарнамаланат. Кыргызстан аркылуу барууну каалагандар өлкө түштүгүндөгү Ош облусу менен Чоң-Алай районуна жетишет. Андан ары жергиликтүү тургандардын көмөгү менен лагерге барышат.
Анын кыл чокугсун альпинисттерден биринчи болуп, 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыгышкан.
Тоо азыркы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан. 2006-жылы Тажикстан “Абу али ибн Сина” деп атаган.
Маектешкен: А.Белеков.