Эл аралык аренадагы эң популярдуу саясатчылардын бири Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 26-февралда, 70 жашка чыкты. Түрк президенти өлкөнү 2014-жылдан бери башкарып, өткөн жылы үчүнчү мөөнөткө шайланган.
Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган.
Түркиянын болочок президенти 1981-жылы Мармара университетинин экономика жана коммерциялык илимдер факультетин аяктап, алгачкы саясий ишмердүүлүгүн баштаган. 1984-жылы Эрдоган Бейоглудагы партиялык бөлүмдү жетектеп, 1994-жылы Стамбулдун мэри болгон. 2014-жылы Түркиянын президенти болгон.
Бүгүн Эрдоганды анын көптөгөн кесиптештери 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап жатышат.

Россиянын президенти Владимир Путин Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктап, ага эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушундай эле каалоолор менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев да түрк президентин 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Казак президенти Эрдоган менен телефондогу сүйлөшүүсүндө ага ийгиликтерди каалап, анын көрөгөч саясаты жана талыкпас эмгегинин аркасында боордош өлкө прогрессивдүү өнүгүү жолу менен кыймылын улантып, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн беделин бекемдей берерине ишенимин билдирди.

Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов Эрдоганга “Түркмөнстандын ардактуу аксакалы” наамын ыйгарганын “Tukmenistan Today” мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ардактуу наам Эрдоганга “түркмөн-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор жеке салымы”, эки элдин “ынтымагына багытталган кызматы” үчүн, ошондой эле 70 жылдык мааракесине карата ыйгарылган.
Түркмөнстандын президенти түрк кесиптешине бекем ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Эрдоган менен телефондон сүйлөшүүсү учурунда түрк лидерин 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана боордош түрк элинин жана өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди каалады.

Беларусь мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага ден соолук, оптимизм, ийгиликтерди жана жаркын идеяларды каалап өттү.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Эрдоганга анын 70 жылдык мааракесине карата куттуктоо телеграммасын жолдоп, Түркиянын акыркы жыйырма жылдагы олуттуу жетишкендиктери жана ийгиликтери так Эрдогандын ысымы менен байланыштуу экенин белгиледи.
Ал түрк лидерине жана анын үй-бүлөсүнө чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.



















