Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Блинкендин Кытайга сапары кандай аяктады?

  • Аналитика, Дүйнө
  • 27.04.2024 12:08

Loading

АКШнын Мамлекеттик катчсы Энтони Блинкендин КЭРге үч күндүк сапары Си Цзиньпиндин кабыл алуусунда болуу менен аяктады.  

Американын Мамлекеттик катчысынын Кытайга иш сапары жума, 26-апрелде аяктады. Бул тууралуу  CNN жазды.

Өзүнүн иш сапарынын акыркы күнү Блинкен КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, кытай лидери “Пекин АКШны “ишенимдүү, ачык жана өз ара түшүнгөн” катары көргүсү келгендигин билдирди. “Биз Кошмо Штаттар Кытайдын өнүгүүсүн позитивдүү жагдайда карайт деп үмүт артабыз”, – деп кошумчалады ал.

Тема боюнча

Кытай АКШга маанилүү минералдарды экспорттоого коюлган тыюуну убактылуу токтотту

Кытай АКШга маанилүү минералдарды экспорттоого коюлган тыюуну убактылуу токтотту

10.11.2025

Мындан мурда АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкендин КЭР ТИМнин башчысы Ван И менен сүйлөшүүлөрү  бири-бирине коркунучтуу кадамдар тууралуу өз ара доомат артуу жана эскертүүлөр менен башталгандыгы жөнүндө маалымат берилген.

Мындан тышкары Блинкен Вашингтон Украинадагы кырдаалдын курчушунан улам Кытайга каршы жаңы санкция киргизүүгө даяр экендигин билдирген.

Ал эми россиялык “Комсомольская правда” гезити Блинкен Си Цзиньпин менен жолуккандан кийин капалуу чыккандыгын жазды.

Аталган басылманын журналисти Евгений Умеренков Энтони Блинкенди Кытайда эч кандай шаан-шөкөтсүз, ал тургай аэропортто кызыл килем төшөбөй тосуп алышкандыгына токтолгон.

“Кытайлыктар эч кандай салтанат уюштурушкан жок, демек сүйлөшүүлөр олуттуу болот”,- деп баштап, чындап эле эки тараптын сүйлөшүүсү оор болгондугун, Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Блинкен кыжырдангандыгын жашыра албаган билдирүү жасагандыгына ткотолгон.

– Блинкен быйылкы жылы экинчи ирет Кытайга учуп келди, бирок эки жолу тең ага кызыл килем төшөшкөн жок, — деп билдирди ММУнун Азия жана Африка институтунун директору  Алексей Маслов. – Мен самолетту көрдүм, аны аэропорттогу жогорку даражалуу кытайлык делегация коно турган жакка эмес самолёттун каптал эшигинен тосуп алышты. Бул Кытай Вашингтонду жагымдуу өнөктөш катары кабыл албай тургандыгынын белгиси.

Көйгөйлүү учурлар бир эле эки тарап өз алдынча түшүнгөн “таза экономикалык атаандаштык” менен байланыштуу эмес.  Россия АКШ жана КЭРдин мамилесиндеги негизги көйгөй болуп саналат. Америкалыктардын көз карашы боюнча Пекин тарабынан Россиянын аскердик-өнөржай комплексин колдоо жол берилгис. бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айткан.

Блинкендин иш сапарынын алдында кытай тарапка Россияга кытайлык эки тараптуу колдонуудагы технологияларды бергендиги үчүн АКШ жазалоо чараларын көрө тургандыгы маалымдалган. The Wall Street Journal маалымат каражатынын билдирүүсү боюнча, мамкатчы кытайлык бийликке бир нече жергиликтүү банктарды дүйнөлүк каржы системасынан үзүп сала турган санкциялар тууралуу айтууга даярданган.

Бул эскертүүгө кытай тараптын жообу да иш сапардын алдында берилген: кытайлык ТИМдин расмий өкүлү   Мао Нин Вашингтонду Москва менен Пекиндин ортосундагы достук мамилеге көө жаппоого чакырган.  Ал эми сүйлөшүү учурунда КЭРдин тышкы иштер министри Ван И кыска жана ток эте турган сөздү айтты: АКШ Кытайдын ички ишине кийлигишпеш керек жана “кызыл сызыктан” өтпөөгө тийиш.

– Кытайдын көпчүлүк билдирүүлөрү өтө катаал болду,- деп эсептейт Алексей Маслов. – Биз анын ийилип каблагандыгын көрүп турабыз, мурдагыдай эле жолдо баратат. Изоляция, Россияны “өчүрүү” эбегейсиз ички кытайлык көйгөйлөргө алып келет, себеби Россия Кытай үчүн – бул мунай, газ, эң негизгиси саясый колдоо.

Пекиндин Вашингтонго карата дипломатиясынын катаалдыгы бүгүн эле жарала койгон жок. Энтони Блинкендин  Ван И  менен үч жыл мурда  Анкориджедеги биринчи жолугушуусунда эле америкалык кытайлык кесиптешине “Америкалык эл дүйнөгө кожоюн экендигин, албетте кытайлыктар да улуу экендигин” түшүндүрүп, аз жерден  кыйкырып жибере жаздаган. Ошондо Ван И бул сөзгө АКШда өзүнүн демократиясы бар экендигин, Кытайдын да өзүнүн демократиясы бардыгын айтып жооп кайтарган. Ошондой эле америкалыктар бир аз сабырдуу болуп, өз демократиясын дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө токтотушу керектигин кошумчалаган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШ. Кытайамерика-кытай мамилесиБлинкен
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Си Цзиньпин АКШга барат

Си Цзиньпин АКШга барат

24.07.2026
Кытай АКШга маанилүү минералдарды экспорттоого коюлган тыюуну убактылуу токтотту

Кытай АКШга маанилүү минералдарды экспорттоого коюлган тыюуну убактылуу токтотту

10.11.2025
Ак үй: Трамп 30-октябрда Си Цзиньпин менен жолугат

Ак үй: Трамп 30-октябрда Си Цзиньпин менен жолугат

24.10.2025
Трамп Кытайга бара турганын жарыялады

Трамп Кытайга бара турганын жарыялады

26.08.2025
Блинкен Ирандын өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин аткарганын моюнга алды

Блинкен Ирандын өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин аткарганын моюнга алды

17.07.2025
Кытай: АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүндө жылыштар болду

Кытай: АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүндө жылыштар болду

11.06.2025
АКШ менен Кытай соода талаштарын жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүшөт

АКШ менен Кытай соода талаштарын жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүшөт

07.06.2025
АКШ кытайлык студенттер үчүн визаларды жокко чыгарат

АКШ кытайлык студенттер үчүн визаларды жокко чыгарат

29.05.2025
АКШнын каржы министри: Кытай менен соода сүйлөшүүлөрү жемиштүү болду

АКШнын каржы министри: Кытай менен соода сүйлөшүүлөрү жемиштүү болду

12.05.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
206 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.