АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Иран 2015-жылкы өзөктүк келишим (СВПД) боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарганын, ал эми келишимди АКШ бир тараптуу бузганын моюнга алды. Бул келишимден АКШ президент Дональд Трамптын мурдагы мөөнөтүнүн тушунда чыккан.
Блинкен ошондой эле аскердик варианттар өзөктүк маселени узак мөөнөттүү чечпей турганын баса белгилеп, дипломатиялык аракеттерди жандандырууга чакырды.
Ал бул тууралуу CNN телеканалынын журналисти Кристиан Аманпур уюштурган подкастта сүйлөгөндө билдирген. Блинкендин айтымында, Израилдин акыркы чабуулдарынан мурун Иран уранды байытууну чектөөгө жана Европа өлкөлөрү менен кызматташууга макул болгон.
Блинкен Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы (СВПД) келишими натыйжалуу иштегенин, ал эми Иран өз милдеттенмелерин аткарганын эл аралык инспекторлор жана АКШнын өзүнүн чалгындоо булактары тастыктаганын айтты.
Келишимге ылайык, Иран уранды 3,67% деңгээлге чейин обого чектөө менен байытууга укуктуу болчу жана бул процесс өзүнүн центрифугалык технологиясы менен жүргүзүлчү. Блинкен Иран бул чектөөлөрдү сактаганын белгиледи. Бирок эгер Иран өзөктүк программасын толук көлөмдө калыбына келтирсе, ал “мурда болуп көрбөгөндөй терең жайгашкан объекттерде — кадимки чабуул жетпеген жайларда” өнүгүшү мүмкүн экенин эскертти.
Анын айтымында, АКШ күчкө гана таяна албайт:
«Аскердик чечим туруктуу жыйынтык бере албайт. Бизге узак мөөнөттүү, текшерүүгө мүмкүн болгон жана туруктуу келишимге алып келчү дипломатия керек».
Ошондой эле, Блинкен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху эч качан СВПДны колдобогонун жана келечектеги дипломатиялык демилгелерди да колдобой турганын моюнга алды. Ошону менен катар ал Ирандын өзөктүк программасы он жылдар бою жасалган инвестициялар менен технологиялык жетишкендиктердин натыйжасы катары улуттук сыймыкка айланганын белгиледи.
Блинкен бул билдирүүлөрдү Иран менен Израилдин ортосунда 13-июндан бери уланган 12 күндүк жаңжалдын фонунда жасады. Конфликт Израил тараптан Ирандагы турак жайлар, аскерий базалар жана өзөктүк объекттерге каршы чабуул менен башталган. Бул чабуулдар Иран тарабынан жогорку тактыктагы соккулар менен жоопсуз калган жок.
Он күндөн кийин АКШ жаңжалга аралашып, Израил бутага алган өзөктүк объекттерге сокку урду. 24-июнда Иран АКШнын Батыш Азиядагы эң маанилүү аскерий базасына ракеталык сокку жасагандан кийин кагылышуулар убактылуу токтотулганы жарыяланды. Катардын ортомчулугу менен Тегеранга ок атышууну токтотуу сунушу берилди.
Чагымчылдыктар уланганына карабастан, Иран СВПДга берилген бойдон калып, өз милдеттенмелерин токтотууну АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн келишимди көп жолу бузганына жооп катары баалап жатат.
Өзөктүк объекттерге болгон чабуулдардан кийин Иран парламенти МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) менен кызматташтыкты токтотуу тууралуу мыйзам кабыл алды. Ошого карабастан, ирандык расмий өкүлдөр Иран Дүйнөлүк өзөктүк куралдарды таратпоо келишимине (ДНЯО) катышуучу катары МАГАТЭ менен кызматташтыкты уланта турганын, бирок бул жаңыланган форматта болорун билдиришти.
Иран мындан ары өзүнүн тынчтык максатындагы өзөктүк программасы боюнча бардык чечимдерди Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш (УКЖК) кабыл аларын маалымдады. Бул чечим стратегиялык көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын көрсөтөт.



















