АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өлкө кытайлык студенттер үчүн визаларды жокко чыгара баштаарын билдирди.
Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазганын Lenta.ru агенттиги жарыялады.
“АКШ кытайлык студенттердин, анын ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясына тиешеси бар же негизги тармактарда окугандардын визасын жокко чыгара баштайт”, – деп жазган Рубио.
Ал ошондой эле Кытайдан, анын ичинде Гонконгдон келген талапкерлерге дыкат текшерүүнү камсыз кылуу үчүн виза талаптарын өзгөртүүнү жарыялады.
Анын айтымында, бул максатка жетүү үчүн Мамлекеттик департамент Ички коопсуздук министрлиги менен тыгыз кызматташат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу тарабынан жарыяланган Эл аралык билим берүү институтунун маалыматына ылайык, 2023-2024-окуу жылдарында АКШдагы эл аралык студенттердин эң көп саны, башкача айтканда 20%ы Кытайдан келген. Бул болжол менен 23,5 миң адамды түзөт.
Кытайлык студенттер негизинен математика, информатика, ошондой эле инженердик, бизнес жана башкаруу программаларын окууну тандашкан.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Гарвард университетинен алардын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн чет элдик студенттердин тизмесин берүүнү талап кылганы маалымдалган.
Ошондой эле ал Гарварддагы чет элдик студенттердин үлүшү болжол менен 15% менен чектелиши керек деген оюн билдирген.


















