АКШнын президенти Дональд Трамп 30-октябрда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Трамп 24-октябрда Малайзияга жөнөп, 26-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен өлкөгө келет. Ал жерде премьер-министр Анвар Ибрагим менен жолугушуп, АСЕАН уюмунун лидерлери катышкан “жумушчу кечки тамакка” катышат.
27-октябрда Трамп Токио шаарына барат, ал жерде 28-октябрда Япониянын жаңы премьер-министри Санаэ Такаити менен жолугушат.
29-октябрда ал Пусан шаарына учуп барып, Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен жолугат жана Азия-Тынч океан кызматташтыгы (АТЭС) саммитинде сөз сүйлөйт.
“Жергиликтүү убакыт боюнча бейшемби күнү (30-октябрда — ТАССтын маалыматы) президент Вашингтондон кайтып келер алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушууга катышат”, — деди Ливитт.

















