Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарында «Рамазан чатыры» аттуу социалдык кайрымдуулук долбоору өз ишин баштайт. Быйылкы «Рамазан чатыры» бир ай бою иштеп, 6000ден ашуун конокту кабыл алат.
Бул демилге Кыргызстанда 10 жылдан бери @umma.charity «Аль-Умма» коомдук кайрымдуулук фонду жана кайдыгер карабаган жарандардын колдоосу менен ишке ашырылып келет.
“Умма” ислам журналынан маалымдашкандай, ыйык Рамазан айынын жүрүшүндө «Рамазан чатырында» күн сайын ооз ачуу ифтарлары уюштурулуп, алар маданий программа менен коштолот. Долбоордун коноктору негизинен коомдун аярлуу катмарларынан болот: жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, жалгыз жашаган карыялар жана башка муктаж адамдар.
“Долбоордун негизги максаты — турмуштук кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга көңүл буруу, алар үчүн майрамдык маанай түзүү, ошондой эле кайдыгер эмес жарандарды бириктирүү аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүү”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин «Рамазан чатырлары» долбоору Бишкек жана Ош шаарларында ийгиликтүү өткөрүлүп, коомчулук тарабынан тынчтыкты, ынтымакты жана боорукерликти даңазалаган өзгөчө социалдык долбоор катары жогору бааланган.
2024-жылы фонддун чакыруусу менен Кыргызстанга белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Өздемир келип, кайрымдуулук иш-чараларына катышкан. Ал эми 2025-жылы долбоордун ардактуу коногу Түштүк Кореядан чыккан дүйнөгө белгилүү инфлюенсер жана кайрымдуулук ишмери Дауд Ким болгон.



















