Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ислам өлкөлөрүнүн лидерлерин жана элин Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу Ислам республикасынын президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Пезешкиан мусулман мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого үмүттөнөрүн билдирди.
Өз кайрылуусунда ал Орозо айын адамдын жана дүйнөнүн жаралуусу жөнүндө көбүрөөк ойлонуу жана ой жүгүртүү, Жараткандын буйруктарга амал кылуу жана кедей-кембагалдарга өзгөчө кам көрүү үчүн баалуу мүмкүнчүлүк деп эсептеди.
Ирандын президенти ошондой эле кызматташтыкты бекемдөө үчүн ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринин биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, бул берекелүү айдын рухунун аркасында Палестина элинин, анын ичинде Газа жана Ливандагы азаптарды жеңилдетүү аракеттери күчтөнөт деген үмүтүн билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталды.















