Быйыл Кыргызстанда жалпы мусулмандар үчүн жыл ичиндеги эң маанилүү Орозо айы 19-февралда башталат.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Тиешелүү чечимди Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши кабыл алды.
Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат.



















