Кыргызстандык режиссер Таалайбек Кулмендиевдин “Үй сатылат” тасмасы жыл сайын Иранда өтүүчү “Фаджр” эл аралык кинофестивалына катышат.
Бул тууралуу Иран элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузару Тогани 23-январда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Иран киносунун күндөрүнүн расмий ачылышында журналисттерге билдирди.
Иран киносунун күндөрүнүн ачылышына Маданий өкүлдөн тышкары Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хосейн Ядегари, КР Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Тогани фестивалга катышуу үчүн кыргызстандык режиссерлордун үч тасмасы “Белек”, “Үй сатылат” жана “Error-404” тасмалары берилип, алардын ичинен “Үй сатылат” тандалып алынганын белгиледи.
Сынактын программасы эл аралык жана улуттук категорияларга бөлүнөт.
Ирандын Маданий өкүлү кошумчалагандай, кыргыз тасмасы биринчи категорияда дүйнө жүзүндөгү башка тасмалар менен катар катышат.
“Фажр” — Жакынкы Чыгыштагы ири фестиваль. Фестиваль Иранда жыл сайын февраль айынын башында өткөрүлөт. Негизги максаты — жаңы тасмаларды колдоо жана дүйнө коомчулугуна таанытуу.
“Үй сатылат” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 2022-жылдын октябрынын башында Пусан шаарында болгон.
Тасмада жаш жубайлардын чакан ишкерлиги, каржылык кыйынчылыктары баяндалат. Абалдан чыгуу үчүн күйөөсү курсактагы ымыркайды акчага алмаштырмай болот. Бирок келин күйөөсү менен макулдашпай боюнан алдырат.
Ишчаранын ачылышында А.Бекболотов дүйнөлүк кинематографияда Иран киносу өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи.
Анын айтымында, Ирандын атактуу кинорежиссерлорунун тасмалары белгилүү кинофестивалдарда байгелүү орундарды багындырып келгенин айтты.
Ошондой эле мындай саамалыктар мындан ары да көп-көп уюштурулуп Иран мамлекетинин маданияты, каада-салты, жашоо образына кызыккан адамдар көп болоорунуна терең ишеним билдирди.
Бекболотовдун айтымында, кыргыз тарап да Иранда кыргыз тасмаларын көрсөтүүнү уюштурганы жатат.
«Сүйлөшүүлөр жана өткөрүү идеялары 2023-жылдын ноябрында биринчи Эл аралык Бишкек кинофестивалында талкууланган», – деп белгиледи Бекболотов.
Иран киносунун күндөрү ирандык режиссер Аббас Асгаринин “Үмүт перишеси” анимациялык тасмасы менен башталды. Тасма экранга 2022-жылы чыккан (комедия, укмуштуу окуялар, анимациялык мюзикл).
Кино күндөрү 23-январдан 25-январга чейин уланып, 2 сеанс менен 5 тасма көрсөтүлөт. Бардык тасмалар “Манас” кинотеатрында акысыз, орус тилинде көрсөтүлөт.
Көрүүчүлөргө Ирандын төмөнкү тасмалары тартууланат:
- 24-январь саат 12:20да «Виллы» / «Vilaeiha», режиссёру Мони́р Гейди́, 2017-жылы тартылган (аскердик драма);
- 24-январда саат 14:10до «Романтическая история Эмада и Тубы» / «Romanism Emad va Tooba», режиссёру Каве́ Сабагзаде́, 2019-жылы тартылган (мелодрама, романтикалык комедия);
- 25-январь саат 12:20да «Сара и Аида» / «Sara vа Ayda», режиссёру Мазия́р Мири́, экранга 2017-жылы чыккан (драма үй-бүлө жана мамиле темасын ачып берет);
- 25-январь саат 14:10до «Хенас» / «Henas», режиссёру Хосейн Дараби, 2022-жылы экранга чыккан (биографиялык драма).


















