Европалык саякатчылар туристтик поезд менен бүгүн Балыкчы шаарына келишти. Алыстан жол арбытып келген чет элдик конокторду Балыкчы темир жол бекетинин кызматкерлери жана Эсен Думанаев атындагы маданият үйүнүн өнөрпоздору шаңдуу маанай тартуулап, жылуу тосуп алышты.
Бул тууралуу «Балыкчы пресс» жазды.
Маалым болгондой, иш-чара салтка айланып баратат, себеби бул турпоезддин үчүнчү каттамы болуп саналат. Былтыркы жылдын сентябрь айында жана быйылкы жылдын апрель айында ушундай эле туристтик поезддер коноктор менен Кыргызстанга келип токтогон.
Европадан келген 79 турист Кыргызстанда эки күнгө жакын болот.
“Туристтердин программасы бай – өлкөнүн кооз жерлери менен таанышуу, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын объектилерине баруу, Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлгө саякат”, — деп берилет маалыматта.
Турпоезддин турлидери Ирина Штрук бул каттамда ар улуттун өкүлдөрү Германия, Франция, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Малазия, Чехословакия, Нидерланды өлкөлөрүнөн келишкенин айтты.
Улуу Жибек жолу аркылуу келген туристтер алгач Ысык-Көлдө, андан кийин Бишкек шаарында болушуп, борбор калаада улуттук паркка барышат.
2022-жылдын август айында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына “Lernidee Erlebnis Reisen” туристтик компаниясынын өкүлдөрү Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик турга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү алкагында “Кыргыз темир жолу” коноктордун каалоосун эске алуу менен өлкө ичинде темир жол менен жүрүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүдө.
Балыкчы темир жол бекетинин жетекчиси Азамат Жуманазаров бүгүнкү иш-чарада бүт коопсуздук чаралары көрүлгөнүн, өз деңгээлинде тосуп алышканын билдирди.
Ал жакында, бир айдын ичинде туристтердин дагы келишин күтүп жатышканын айтты.
Анын айтымында, июль айынан тартып Бишкек-Балыкчы поездинин каттамы күн сайын жүрүп, быйылкы сезон былтыркыга салыштырмалуу жакшы болуп, эс алуучулардын, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн.
«Бул көрсөткүч Ысык-Көлүбүз чет элдиктерге таанылып, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызмат көрсөтүүсү өсүп келе жатканынан кабар берет»,- деди Жуманазаров.