Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жаш балдардын элдик чүкө оюндарына кызыгуусун арттыруу максатында чүкө ойноочу тегерек аянтчалар жасала баштады. Бул тууралуу “Балыкчы пресс” маалымат агенттиги билдирди.
Аянтчалар мэр Азамат Арнабек уулунун демилгеси менен “Кыргыз маданий мурасы жана ынтымак шаары” долбоорунун алкагында жасалууда.
Биринчи аянтчалар мэриянын алдында пайда болду.
“Шаар башчысынын демилгесинде маданий баалуулуктарды жандантуу иши колго алынып, жаш балдардын элдик чүкө оюндарына кызыгуусун арттыруу максаты коюлган. Алдыда мындай чүкө аянтчалары шаардын бардык аймактарында жасала тургандыгы белгиленди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мал менен өсүп-өнгөн кыргыз эли малдын чүкөсүн байыртадан эле пайдаланып келишкен. Кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Оюнда элдин ички, тышкы душмандарынан коргонуу ыкмалары, аскердик өнөрдүн элементтери – таамай атууга көнүгүү, көздүн курчтугун өөрчүтүү, тактык, тыкандык, тез эсептей билүүчүлүк, шамдагайлык, тапкычтык, кылдаттык, чеберчилик, устаттык, кыраакылык, кыймыл, адеп сактоо сыяктуу көптөгөн учурлар колдонулат. Оюн ушунусу менен кызыктуу жана баалуу.
Эске салсак, буга чейин Балыкчы шаарында мэр Азамат Арнабек уулунун демилгеси менен жол жээктерине чүкө формасындагы өзгөчө бордюрлар коюлган.






















