Балыкчы шаарынын жол жээктерине чүкө формасындагы өзгөчө бордюрлар коюла баштады
Демилгени шаар мэри Азамат Арнабек уулу көтөргөн.
Аны “Агро Куш” ЖЧКсынын генералдык директору Абдрахманов Аскат колдоп, компаниянын атынан чүкөлөрдү жасатууга 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берген.
Каражатка 500 даана чүкө жасалып, жол жээктерине коюла баштады.
Калаа башчысы алдыда шаардагы эски бордюрлар толугу менен мындай чүкөлөргө алмаштырыларын айтты.
Чүкөлөрдү скульптор Данияр Абдиев “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасында жасаган.
Discussion about this post