Дүйнөлүк ММКлар жазып жаткандай, АКШ президенти Жозеф Байдендин Украинаны алыска атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын түпкүрүнө сокку урууга уруксат бергени белгилүү болду. Буга Владимир Зеленский мындай маалыматтар адатта элге сөз менен жарыя кылынбастыгын айтып, “жасалган ишти ракеталар өздөрү көрсөтөт” деп кыйыр түрдө комментарий берген.
Байдендин бул кадамына кооптонгон америкалык миллиардер Дэвид Сакс, Байден кызматтагы акыркы айларында украин согушун ырбатып жатканын айтты.
Ал эми жаңы өкмөттүн департаментин жетекчилигине дайындалган Илон Маск Байдендин мындай орунсуз кадамынан кийинки кырдаалды сүрөттөп, кооптонуусун билдирген. Ал эмки көйгөй “Россиянын жооп катары ура турган соккусу” боло турганын айткан.
Бирок, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын командасы азыркы мамлекет башчысы Жо Байдендин Россия Федерациясынын аймагына АТАКМС ракеталарын сокку уруу чечимин кайра карап чыгууга уруксат бергендигин ТАСС агенттиги билдирди.
“Мен дээрлик бардыгы каралат деп ойлойм”, – деген Трамптын командасынын өкүлү аталган агенттикке.
АТАКМС – америкалык Lockheed Martin компаниясы тарабынан чыгарылган катуу күйүүчү тактикалык жер-жер баллистикалык ракетасы.
Ал 300 км.ге чейин жетет. Анын ар кандай жабдуулардын параметрлери АКШнын Коргоо министрлиги тарабынан MGM-140, MGM-164 жана MGM-168 деп белгиленген. Транспорттук жана учуруучу контейнердеги ATACMS ракетасы M39 индексине ээ. ATACMS ракета учургучтары M270 MLRS жана M142 HIMARS көп учуруучу ракета системалары болуп саналат.


















