27-июнда Өзбекстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 40 градустан жогору болушу мүмкүн, деп билдирди Узгидрометтин эксперти Эркин Абдулахатов.
«27-июнда республиканын тургундары сезондун эң ысык температура толкунуна туш болушат», — деп жазды Абдулахатов өзүнүн Telegram каналында.
Анын айтымында, Өзбекстандын көптөгөн аймактарында күндүз абанын температурасы +40 градустан ашат.
Узгидрометтин болжолдоосуна ылайык, бүгүн Сурхандарья жана Кашкадарыя облустарында 44 градуска, Ташкент, Самарканд, Жиззак, Сырдарыя, Бухара жана Навои облустарында 42 градуска чейин ысыйт. Синоптиктер Ташкентте күндүз абанын температурасы +41 градуска жетет деп болжошууда.
Илим-изилдөө гидрометеорология институтунун эсептөөлөрүнө Караганда, Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жана чөл аймагында температуралык режим жай мезгилинде башка аймактарга караганда 1, 1,25 градус жогору болот. Бул жайда аномалдуу ысык толкундар июль жана августтун башында болжолдонууда. Адистер бул жагдай термикалык депрессиянын таасири менен тыгыз байланышта экенин белгилешет.


















