Казакстанда кыйраган Азербайжандын Azerbaijan Airlines компаниясынын учагынын кара кутучасын Бразилияга жөнөтүү тергөөнүн калыс болушуна жардам бере турган жалгыз туура чечим.
Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Родной язык” (Ана тили) газетасына берген интервьюсунда билдирген.
Токаев “Өкмөттүк комиссия декоддоо үчүн учактын кара кутусун Бразилияга жөнөтүүнү чечти, бул тергөөнүн объективдүүлүгүн жана калыстыгын камсыз кылуу үчүн бирден-бир туура чечим деп ишенем”, – деп кошумчалаган.
Мындан тышкары ал жабырлануучуларга жардамга келген өзгөчө кырдаалдар кызматынын мыкты иштерин белгилеп, “Куткаруу иштерине катышкандардын бардыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин”, – деген.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга учкан Азербайжандын учагы Актау шаарында кыйрап, 67 адамдын 38и набыт кеткен. Аман калгандардын арасында үч кыргызстандык болгон.


















