Flydubai авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуя Иранды же аймактагы башка өлкөлөрдү айыптоо үчүн «эпсиз пландалган». Бул тууралуу Mehr агенттиги Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаиге таянып билдирди.
«Жалган далилдерге таянып, Иранды текшерүүгө мүмкүн болбогон нерселер үчүн айыптап жатышат. Мисалы, Flydubai учагына байланыштуу окуяны алсак — менимче, муну коопсуз эместикти көрсөтүп, Иранды же башка тараптарды айыптоо үчүн канчалык эпсиз уюштурушканын мектепке чейинки балдар да түшүнүп калышты», — деди Багаи журналисттин өзөктүк объектилерди текшерүү тууралуу суроосуна жооп берип жатып.
Анын айтымында, Иранга коюлуп жаткан айыптоолор Газа секторундагы кырдаалды экинчи планга жылдырып, Тегеранды бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан тарап катары көрсөтүү максатын көздөйт.
Эске салсак, 30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан Flydubai авиакомпаниясынын учагы өзгөчө кырдаал тууралуу сигнал берип, кийин Сауд Арабиясына шашылыш конууга аргасыз болгон. Авиакомпания учуу учурунда эки учкучтун ортосунда мушташ болгонун тастыктаган.
Ошондой эле ЖМКларда учкучтардын бири экинчисин жарадар кылып, учакты кыйратууга аракет кылганы тууралуу маалымат тараган. АКШнын президенти Дональд Трамп кесиптешине кол салган учкуч Иран менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген.

















