Cessna 210 учагы Миссисипи штатынын жээгинде деңизге кулап түшкөн.
АКШнын Миссисипи штатында жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду.
АКШнын Жээк коопсуздук кызматынын өкүлү Хуан Росстун билдирүүсүнө караганда, Cessna 210 учагы штаттын жээгине жакын жерде деңизге кулап түшкөн.
Анын айтымында, куткаруучулар учактын сыныктарын жана каза болгон алты адамдын сөөгүн табышкан. Алардын экөө 8 жана 10 жаштагы балдар болсо, калган төртөө чоң адамдар болгон.
Дүйнө жүзүндөгү авиакаттамдарды көзөмөлдөгөн FlightAware платформасынын маалыматына ылайык, учак Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарынан Флорида штатындагы Форт-Майерс шаарына багыт алган.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) жана Улуттук транспорттук коопсуздук кеңеши (NTSB) кырсыктын себептерин аныктоо үчүн тергөө иштерин баштады.



















