АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында жайгашкан Мирамар аскердик авиабазасынын аймагында АКШнын Деңиз жөө аскерлер корпусуна таандык F-35B үлгүсүндөгү аскердик учак кырсыкка учурады. Учкуч ийгиликтүү катапульта жасап, аман калды.
Бул тууралуу жергиликтүү KGTV телеканалы билдирди.
Расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында (Гринвич убактысы боюнча 17:00дө) болгон.
АКШнын Деңиз жөө аскерлер корпусунун өкүлдөрү төмөнкүдөй билдирүү таратты:
«Биз Мирамар авиабазасынын аймагында Деңиз жөө аскерлер корпусуна таандык F-35B учагы катышкан А класстагы кырсык болгонун тастыктайбыз. Учкуч катапульта жасап, куткарылды. Кошумча маалымат жакын арада берилет».
Социалдык тармактарда тараган видеолордо кырсык болгон жерден коюу түтүн көтөрүлүп жатканын жана өрт өчүрүүчүлөр жалынга оронгон учактагы өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.















